Эмгектик укук корголушу зарыл

Азыркы тапта мамлектибизде көптөгөн ишкана-мекемелер бар. Алар мамлекеттик жана жеке менчик болуп бөлүнөт. Айтайын дегенибиз Кыргызстанда жарандар менчигинин түрүнө карабастан кандай ишкана-мекемеде иштебесин КР  Эмгек Кодексине жана башка мыйзам талаптарына  ылайык, мамлекет тарабынан коргоого алынган. Бирок, мамлекеттик да, жеке менчик да ишканаларда иш берүүчүлөр тарабынан иштеген жарандардын укуктары бузулган учурлар аз эмес.

Биз КР Өкмөтүн-караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Араван, Кара-Суу жана Ноокат райондор аралык башкармалыгынын башкы инспектору Курбанов Ибрагим Абдулхакимовичтен  жарандардын эмгектик укугунун корголушу боюнча маалыматтарды алдык.

Алынган маалыматтарга ылайык, 2015-жылдын 9 айында жогоруда аталган аймак боюнча 67  текшерүүлөр болгон. Ушул эле  мөөнөттө аныкталган укук бузуулардын саны 574 учурду түзгөн, эмгекти коргоо боюнча 388 учур каралган, эмгектик мамилелерди кароо-186ны түзгөн.

Негизинен аталган испекция тарабынан жумуштан негизсиз бошотуу, эмгек акыны убагында төлөбөй  калуу, жумуш убагында  денеге жаракат алып, майыптыкка учуроо жана ага компенсация төлөө, пенсия чегерүү, жумуш убагында  каза болуп калуу жана каза болгон адамдын балдарына пособие чегерүү, компенсация төлөө, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук ж.б. мүнөздөгү эмгекке байланышкан учурлар текшерилет жана мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Тиешелүү фактыларга токтололу. 2015-жылдын 30-июнь күнү “Ош-Дюбек” АКсынын акционерлеринин Жаңы-Арык айылындагы тамеки заводунда жалпы жылдык чогулуш болгон күнү саат 10:30, 10:40 чамасында мурунку директор, акцонердик коомунун мүчөсү оор жаракат алган факты боюнча анын арызынын негизинде комиссия түзүлүп иштеп жатат.

Мындан тышкары Ноокат районунун Көк-Жар участкасында РЭСтин электрмонтеру И.А.Колчин кырсыкка учурап, оор жаракат алгандыгына байланыштуу  иликтөө жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 9 айында өз убагында берилбей калган эмгек акылардын суммасы-193544 сомду түздү. Инспекциянын кийлигишүүсүнүн негизинде эмгек акылар төлөнүп берилген.

Ал эми жумуш убагында травма алуулар боюнча төлөнгөн компенсациялардын суммасы 5702992,8 сомго барабар болду.

Атап айтсак, “Ак-Сай” цемент заводунун жумушчусу  Замир  Кадыровго  жумуш убактысында денеге жаракат алып, майып болгондугуна байланыштуу  аталган инспекциянын кийлигишүүсү менен 111 000 сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп  берилди. 2015-жылдын 20-майында ЖАК “ЮКЦ” миномонтажниги А.Т.Жолдошев иш учурунда каза болгондугу боюнча тиешелүү суммадагы компенсация төлөнүп берилди.

Каза болгон Б.А. Аманбаевдин жесири А.А.Урусовага багар-көрөрү каза болгондугуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууда  КР ЭКнын 252-статьясына ылайык, үй-бүлөсүнө 4697392,8 сом (төрт млн. алты жүз токсон жети миңүч жүз токсон эки сом 8 тыйын) өндүрүлүп берилди.

Ошондой эле С.Якубованын кызы Н.Якубованын жумуштун себебинен майып болгондугу үчүн инспекция койгон талаптардын негизинде анын үй-бүлөсүнө “Кара-Суу -Дан-Азык” АКсынан жана Ош шаардык мэриясы тарабынан 846,4 миң сом өндүрүлүп берилди.

Ал эми Салижан Пазыловго эмгек майыбы болгондуктан ар ай сайын төлөнүп берилбеген акчасы инспекциянын кийлигишүүсү менен 18,2  миң сом өлчөмүндөөндүрүлүп берилди.

Дагы бир фактыны келтирсек, Кара-Суу  районунун Папан аймактык ооруканасынын санитар-медайымы А.Тагаеванын арызы боюнча эмгектик талаш-тартышы инспекция тарабынан каралып, ал                                                                           өз жумуш ордуна кайрадан коюлду. Аргасыздан иштебей жүргөн күндөрүүчүн 5000 сом эмгек акысы өндүрүлүп берилди.

Ошондой эле ЖАК “Сунель-Табактын” жумушчуларынын доо арызы 3 айга түзүлгөн эмгек келишимин таануу, мурда иштеп жүргөн кызмат ордуларына кайрадан коюу, аргасыздан иштебей жүргөндүгүүчүн эмгек акысын төлөп берүү боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, мыйзам чегинде каралды.

Мындан тышкары ОсОО “Биркетт-КG” ишканасынын директору Ли Алек Иванович инспекциянын кийлигишүүсү менен өз иш ордуна кайтарылган.

Инспекция тарабынан, айрыкча, жашы жете элек балдардын жана өспүрүмдөрдүн эмгегин коргоо боюнча  тиешелүү  иштер алып барылат.  2015-жылдын 9 айында жалпы бул маселе боюнча 36дан ашуун текшерүүлөр ишке ашырылган. Тактап айтсак, Араван, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун прокуратура органдары менен II-III кварталдарында түзүлгөн иш-пландын негизинде  Кара-Суу районунун Тураталы базарында Кара-Суу ИИБ ЖЖИИнин инспектору, милициянын лейтенанты С.Орозбаев жана Кара-Суу  районунун прокурорунун жардамчысы Б.Токтогулова, балдарды коргоо боюнча мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу аймактык бөлүмүнүн адиси С.Закиров менен биргеликте рейд  жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунда  Рахман Рахимов өзүнүн эт саткан дүкөнүндө жашы жете элек 1998-жылы туулган өспүрүм бала Мирзаев Искандер менен келишим түзбөй иштетип жаткандыгы аныкталды. Милдеттүү медициналык кароодон өткөрүлбөгөн. Атайын кийимдер менен камсыз болгон эмес. Рахимов Рахманга №0016371-акт түзүлүп, №0014307-жазма буйругу кетирилген кемчиликтерди оңдоо үчүн берилди.

Ал эми “Дөөлөт” ишканасын ижарага алып иштетип жаткан ишкер Ибрагимов Хусниддиндин кол астында Фатидин уулу Айбек жардамчы ашпоз болуп иштеп жаткандыгы  аныкталды. Ал 1998-жылы туулган, иш убактысы чектелбей иштеп келет. Саат 8:00дөн кечки саат 17:00гө чейин чейин иштейт. Милдеттүү түрдө медкароодон өткөрүлбөгөн. Ата-энесинин макулдугу менен жазуу түрүндө эмгек келишими 2 нускада түзүлбөгөн. Эмгекти коргоо жана техника коопсуздугун сактоо боюнча иш ордунда кезексиз “инструктаж” өткөрбөгөн.

Текшерүүнүн натыйжасында Х.Ибрагимовго текшерүү актысы түзүлүп, №0016372-акты түзүлүп, кетирилген кемчиликтерди жоюу үчүн №0014308-жазма буйрук берилди.

Мындай фактылар Кара-Суу  жана  Ноокат райондорунда  жүргүзүлгөн рейддерде да аныкталды жана тиешелүү чаралар көрүлдү. Араван районунда 40 факты аныкталды жана тиешелүү чаралар көрүлдү.

Жогоруда көрүнүп тургандай, жарандардын эмгектик  укуктары бузулса  Кыргызстандын областтарында жайгашкан аталган испекцияларга кайрылуулары зарыл. Биз сөз кылган Ош областындагы инспекциянын дареги: Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү-224.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды.

К.Кыдыралиева, “Ош жаңырыгы”, 21.11.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*