Кредит алаарда «жети өлчөп бир кеспесең» талаада каласың…

kredit

Акыркы кездерде банктардан жана микрофинансы уюмдарынан кредит алып, бутуна туруп кеткендер арбын. Ошол эле учурда алган кредиттерин төлөй албай күрөөгө койгон үй-жайынан ажырап, ара жолдо калгандар да аз эмес. Беш жыл мурун дал ушундай жагдайга туш болгон К.А. (белгилүү себептер менен аты-жөнү кыскартылды) аттуу айым башынан өткөн окуяны мындайча баяндап берди.

«Балээнин баары насыядан башталды…»

– Биздин беш балабыз, эки уул, үч кызыбыз бар. Жолдошум экөөбүз балдарыбызды эч нерседен кем кылбай тарбиялап, алардын билим алышына көмөк көрсөттүк. Кыздарыбыз турмушка чыгышты. Тун уулубуз үй-бүлө куруп өз алдынча кетип, көкүрөк күчүгүбүз колубузда калган. Ал учурда уулубуз 28 жашта. Мен базарда иштейм. Жолдошум түрктөрдүн чакан фирмасында катардагы жумушчу болуп эмгектенет. Жолдошум экөөбүздүн тапканыбыз күнүмдүк жашообузга жакшы эле жетчү. Маңдай терибиз менен тапкан каражатыбызды чогултуп, 2003-жылы Ак-Ѳргө конушунан төрт бөлмөлүү үй сатып алганбыз. Баары жайында эле. Балээнин баары кредит алгандан кийин башталды…

«Балам бейтааныш жигитке алданып калды»

– Кенже уулубуз «Апа, үйдү күрөөгө коюп акча алып «Дордой» базарынан контейнер алып иштетели. Элдин баары эле кредит алып бутуна туруп кетип жатышпайбы» дегенинен жолдошум экөөбүз ары ойлонуп, бери ойлонуп макулдугубузду берген элек. Мурда эч качан кредит алып көрбөгөн жаныбыз анын жолдорун деле билбейт экенбиз. Уулубуз керектүү документтерди чогултуп, «Оптима» банктан 7 миң долларды 32 пайыздык өлчөм менен беш жылга алды. Ишенимдүү адам катары өзүнүн досун алып барган экен. Уулум өзү эч жерде иштечү эмес. Акчаны банктан алып, 5 миң долларын «Дордойдон» контейнер сатам» деген бейтааныш жигиттин колуна кармата бериптир. Ишенчээк уулум ал жигиттин контейнерин да барып көрбөптүр. Ошол бойдон ал жигитти көргөн жокпуз. Ошентип, акчадан да, контейнерден да жок, куру жалак калдык.

«Балам насыяны төлөп атам деген да, көрсө…»

– Жеген-ичкенибизден да аяп жолдошум экөөбүз иштеп тапкан каражатыбызды кредитке төлөп жаттык. Бир жыл жакшы эле төлөдүк. Экинчи жылы жолдошум катуу ооруп, иштебей үйдө отуруп калды. Уулум да иштечү эмес. Бир үй-бүлөнү багып, насыя акысын төлөө жалгыз адамга кыйын эле болуп калат экен. Ал тургай тапкан каражатым кредиттин акчасын төлөгөнгө жетпейт. Акыры айлам куруп «уулума иштеп акча таап кредитти төлө, сен алгансың! Биз ал акчанын бир тыйынын да көргөн жокпуз» десем, «Макул, апа, өзүм төлөйм» деген эле. Ошол күндөн тарта уулум эртең менен кетип, кечинде кеч келчү. «Кайда жүрдүң?» десем, «апа, иштеп, ай сайын кредитти төлөп атам дегенинен сүйүнүп койгом. Арадан беш ай өткөн. Көрсө, уулум беш ай бою насыя акысын төлөбөй, банктан үйгө келген каттарды бизге көрсөтпөй алып коюп жаткан экен. Качан гана бизди үйдөн чыгарганы келишкенде билип атпайбызбы. Анан биз банкка кайрылып «кредитти төлөйбүз» десек, «биз үйдү сатып жибердик, сатып алган адамдар менен чечишип алгыла» деп коюшту. Алар менен бир жыл соттоштук. Акыры үйүбүздү бошотуп чыгып кетүүгө аргасыз болдук. Ошентип үйүбүздөн ажырап, учурда батирден батирге көчүп, күн кечирип келебиз.

«Балам өлөм деп…»

– Ошол күндөн тарта уулубуз үйгө келбей, «мен бул оор жүк менен кантип жашайм. Андан көрө өлүп алганым артык» деп жүрдү. Себеби, бир туугандарыбыздын бардыгы аны жазалап, ачуу тилдерин да тийгизип жатышкан эле. А мен байкуш баары бир энемин да, баламды ойлоп санаам-санга бөлүнөт. Бир күнү баламды достору аркылуу издеп таап «балам, мага дүйнөнүн байлыктын, үйдүн кереги жок. Мага сен керексиң, үйгө келчи» десем, балам «жок апа, мен эч качан үйгө барбайм. Мени унуткула» деп жатпайбы. Акыры айлам кетип «балам, мен өлгөндө барып топурак салып кет» деп ызама чыдабай бакырып ыйладым. Анда уулум «апа, ыйлабачы болду. Бүгүн үйгө барам» деп мени узатып жиберди. Эки күндөн кийин үйгө келди. Атасы да, мен да уулума жүрөк оорутаарлык сөз айткан жокпуз.

«Убагында төлөй албаганым үчүн өзүм күнөөлүүмүн»

– Күнөөлөгөнүм жок. Насыяны өзүм алдым. Убагында төлөй албаганым үчүн өзүм күнөөлүүмүн. Бирок банктын сен ачка каласыңбы, үй-жайыңды тарттырып жиберип талаада каласыңбы, иши да жоктугун, пайданы гана көздөшөөрүн, келишимди да өздөрүнө ылайыктап түзүшөөрүн эстен чыгарбашыбыз керек тура. Банктан насыяны бизнесин өнүктүрүүгө көзү жеткендер алсын, көзү жетпегендер албасын дейт элем. Насыя алаарда «жети өлчөп бир кеспесең» талаада каласың.

Кайрат ОСМОНАЛИЕВ, юрист: «Күрөөгө коюлган нерсе сот аркылуу чечилиш керек”

– Ооба, акыркы учурларда болгон мүлкүн күрөөгө коюп, ишкерликти өнүктүрүп, бутка туруу максатында насыя алгандар арбын. Каралган насыя акысын төлөй албай күрөөгө койгон мүлкүнөн ажырап калгандары да жок эмес. Менин практикамда мындай учурлар көп эле кездешет.

  • Банк насыя алган адамды 3 жыл күтүшү керек. Эгерде кардарлар үч жылдын ичинде насыясын төлөбөсө, анда үйдү сатып жибергенге укугу бар.
  • Насыя алуу үчүн банк менен келишим түзүп жатканда келишимди жакшылап окуп чыгып, андан соң кол коюңуз. Себеби, сиз кол койгондон кийин укук коргоо органдары, юристтер бардыгы мыйзам чегинде болдубу деп такташат.
  • Келишимге кол коердо пайыз эле эмес, кечиктирсеңиз пенясы да өсүп кетерин эсиңизден чыгарбаңыз.
  • 2010-жылдары банк мыйзамына “кардар карызын кечиктирсе, күрөөгө коюлган мүлктү сатып жибергенге укуктуу” деп жазылган. Көп адамдар үйлөрүн алдырып жиберишип ызы-чуу болушкандан кийин гана “күрөөгө коюлган нерсе сот аркылуу чечилиш керек” дегенди киргизишкен.

“Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды”.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА, «Полит Клиника», 12.11.2015-ж.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*