Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту токтотолу

Үй-бүлө-кичинекей мамлекет деп  айтып келебиз. Ошондой эле үй-бүлө биздин коомубуздун негизи болуп саналат. Андыктан биз жашаган коомдо үй-бүлөүчүн, үй-бүлөнүн жыргалчылыгы үчүн бардык камкордуктар көрүлүүсү зарыл.

Үй-бүлө бекем болсо коом да бекем болот. Ал эми анын бекем болушу үчүн эркек да, аял да турмуш-тиричиликтин жүгүн бирдей көтөрүшү зарыл. Туура, Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамы болгон Конуституциябызда  аял жана эркектин укуктары тууралуу айтылган. Атап айтсак, Конституциянын экинчи бөлүмүнүн биринчи главасында 16-беренеде “Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке  ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ” деп жазылган.

Кыргыз элинде, башка деле улуттарда илгертен келаткан каада-салттар, үрп-адаттар бар. Албетте алардын заманга шайкеш болгон жакшы жактарын алуубуз эле эмес, муундан-муунга улантуубуз да парз.

Бирок, “Бөрк ал десе, баш алат” дегендей коомубуздагы үй-бүлөлөрдө аялдар, жаш балдар үчүн артыкча укук бузуучулуктарга жол берилип кеткен учурлар бар. Айрыкча, СССР державасы бузулуп, андагы коммунисттик коомдон жаңы коомдук түзүлүшкөөтүп, коомдук-экономикалык жаңы факторлор өкүм сүрө баштап, ар түрдүү татаал ош-кыйыш мезгилдерди баштан өткөрүп жаткан кездерде  үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук көрүнүштөрү көбөйдү.

Ооба, СССР убагына чейин деле бул  үй-бүлө зордук-зомбулугу, аялдардын теңсиздиги, 12-13-жашынан кыздарды күйөөгө зордуктап берип жиберүүфактылары орун алган. Бул тарыхый эле чындык, аны танбасак деле болот. Бирок, биз бүгүнкү күндөгүүй-бүлөлүк зордук-зомбулугу тууралуу айтышыбыз, аны азайтышыбыз, деги эле андай көрүнүштөрдүн жок болушу, ага каршы күрөшүү жөнүндө айтышыбыз керек. Элибизде айтат эмеспи: “Чындап ыйласа көздөн жаш чыгат” деп. Анын сыңарындай, биз, коомчулук аталган маселеге мүмкүн болушунча көп көңүл буруп, көп айтсак, анын оң жагына чечилиши үчүн тынымсыз күрөшсөк, жакшы жыйынтык болбой койбойт. Эң негизгиси үй-бүлө зордук-зомбулугунан арылуу – мамлекеттин жана коомчулуктун көңүл чордонунда болуп турганы маанилүү.

Албетте, жашоо-турмуш өзү тагдырды корректировкалайт. Адам өмүрүндө тагдыр жолу ар түрдүү сценарийге ээ болушу мүмкүн. Ошонда да адамга адам, мамлекет зордук-зомбулуксуз жашоого көмөктөшүүсү зарыл.

Дегенибиздей, зордук-зомбулукка көбүнөсе коомчулуктун аярлуу бөлүгү-аялдар, жаш балдар, кыздар тушугушат. Негизгиси жашоонун негизин түзгөн адамзаты өзү зордук-зомбулукка кабылбоосу зарыл. Бул үчүн адамзаты дайыма күрөшүп келген жана да күрөшүүдө.

Биз сөз жүргүзчүүй-бүлөдөгү зордук-зомбулук темасы дайыма актуалдуу бойдон калууда. Бир фактыга токтоло кетели. Ош областынын аймагында жашаган Ы.аттуу жигит З. аттуу кызды макулдугусуз ала качып келет. Кыз каршы болуп, кайра ата-энесинин үйүнө кетип калат. «Кыргызда мындай болбойт. Бир күйөөгө тийди аталып  каласың. Элге-журтка сөзгө калтырасың», деп ата-энеси кыздын артынан келген кудаларга кызын чыркыратып ыйлатып туруп кошуп жиберет.

Кудалар эки тарап болуп тойду өткөрүшөт, ак баталарын беришет. Ы.аттуу жигит “Эми колго тийдиңби!” деп биринчи күндөрдөн эле арак, ичип, мас болуп, аялына кол көтөрүүнү алгачкы эле күндөрдөн баштайт. Таяк жеген З. аттуу келин ата-энесинин үйүнө качып келет. Күйөөсү артынан келип, жалынып-жалбарып алып кетет. Ата-энеси да “барбаймын” деген оюна койбой, кызын күйөө баласынын колуна тапшырышат.

Таяк жемей, ата-энесиникине качып келмей, кайра кетмей, көнүмүш адатка айланды. Балалуу-чакалуу болгондо, ал турсун неберелүү болгондо   деле ушул зордук-зомбулук адат калбай келет. Жакында эле ата-энесинин үйүнө катуу токмоктон кийин качып келип, үч ай жүрүп, кайра эле артынан келген күйөөсүнүн алдына түшүп үйүнө келди.

Өмүр бою  күйөөсүнүн зордук-зомбулугунда келаткан З. аттуу келиндин тагдырына окшош тагдырга кабылган айымдарыбыз аз эмес да. Бул биз үчүн көнүмүш эле нерсе. Бирок, сарасеп салсак, биздин каарманыбыз З. эки тараптан тең зордук-зомбулукка учурады. Биринчи тараптан өзү каалабаган, мурун тааныбаган адамга зордук менен баш кошту, экинчи тараптан күйөөсү, кайын ата, кайын энеси  өмүр бою басмырлап, күйөөсү уруп-сокконун токтотпой келет. З.аттуу аялдын бар бактысы-балдары жана кыздары, неберелери.

Туура, биздин каарманыбыз өз укугун коргоп, тиешелүү жактарга кайрылып, жардам алса болмок. Бирок, каада-салтты сактап, “Эркек-аял урушат, эси кеткен болушат” деген принципти сактап келет. Сырттан баары жакшыдай сезилет.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун кесепетинен жашы жете элек кыздарды күйөөгө  берүү фактылар катталууда. Маселен, Ош областынын Кара-Суу районунун жашоочусу Гүлчехра аттуу (аты өзгөртүлдү) кызды 16 жашында күйөөгө беришкен. Мунун негизинде ал жогорку эмес, толук орто билимге да ээ боло алган жок.

Фактыларга кайрылсак, КР Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, жашы 18ге толбой туруп никеге күбөлүгүн алгандардын саны 2006-жылы 104, 2007-жылы-108, ал эми 2008-жылы 91 көрсөткүчүн түзгөн.

Кыргызстанда тиешелүү мыйзамга ылайык, никеге турууга 18 жашынан руксат берилет. Бирок, Үй-бүлө Кодексинде өзгөчө, себептүү  учурларда аялдар үчүн никеге катталууга  16 жаш курагынан руксат делген  учурлары бар.

Көпчүлүк учурларда баш кошууда мусулман жолунда молдонун нике окуп коюусу менен эле чектелген үй-бүлөлөр бар. Бул да өзүнчө зордук-зомбулук, укук бузуучулук. Анткени канчалаган аялдар күйөөсү менен ажырашып, колунда  үч-төрт баласы менен баш калкалай турган жери жок, коргоосуз калууда. Эне да, балдар да материалдык колдоого алынбай калат. Сотко берип, алимент алуу үчүн, албетте, нике күбөлүгү талап кылынат. Сот адилеттүүлүгүүчүн тиешелүү документтер зарыл болот, эң башкысы-нике күбөлүгү жана балдардын атасына катталышы.

Мусулман жолунда окулган нике Кудайдын алдындагы нике, мыйзам алдында ал нике расмий кабыл алынбайт. Ушундай жана башка мүнөздөгү муктаждыктар менен  энелер кризистик борболорго кайрылган учурлар аз эмес.

Оштогу Гендердик ресурстук борбордун маалыматы боюнча алсак, жүргүзүлгөн сурамжылоо жашы жете электер менен болгон никенин  (мусулман жолунда)  77 пайызы расмий эмес болуп саналат. Ар бир төртүнчү аял жана ар бир сегизинчи эркек гана расмий түрдө никеде каттоодо турат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын берген маалыматы боюнча 2014-жылдын I кварталында ЖААЖдарда өлкө боюнча 25 миңден ашуун нике катталган болсо, 18 миңден ашуун ажырашуулар катталган. Бул ажырашуулардын себеби болуп, албетте, айрым учурларда зордук-зомбулук да эсептелет деп бүтүм чыгарсак катаа  болбосо керек.

Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча өлкөдөгү 15-19 жаш куракта  төрөгөндөрдүн 50 пайызынын никеде катталгандыгы тууралуу күбөлүгү жок.

Белгилей турган болсок, медиктердин айтуусунда кыздардын төрөй турган мезгили 18 жаштан жогору. Жашы жете элек кыздардын организми бала төрөөгө али даяр эмес болот. Төрөгөн баласы да ден-соолугу начар болуп калышы ыктымал.

Сөз соңунда айта турган болсок, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка учурагандар үчүн коргоо жана колдоо сурап кайрыла турган тараптар бар. Алар мамлекеттик да, мамлекеттик эмес да тараптар. Маселен, Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгында жарандарга жана юридикалык  жактарга акысыз кеңеш берүү борбору иштейт.

Бул борбор жарандарга, калктын аярлуу катмарына,  майыптарга, улгайган адамдарга акысыз түрдө юридикалык кеңеш берүү максатында түзүлгөн. Аталган башкармалыкта адвокаттардан, нотариустардан жана аппарат кызматкерлеринен турган топ өз ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз жүргүзүп келүүдө. Борборго  2014-жылдын I жарым жылдыгында-291, 2015-жылдын I жарым жылдыгында-291 адам кайрылган. Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынын башчысы Арапбай Зияевдин айтуусунда борбордон бардык жарандар жардам алат.  Борбордун дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү-309.

Албетте, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандар мамлекет, коомчулук тарабынан коргоого алынат. Эң башкысы жабыркагандар коргоочулар менен катар күрөшүүлөрү зарыл.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгүменен даярдалды”.

К.Станбекова, “Ош жаңырыгы”, 12.09.2015-ж.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*