«Зомбулукка дуушар болгон балдарга жардам берүү борбору» ачылды

Жаңыдан ачылган Кадамжай шаарындагы «Оор шарттагы жана зордук зомбулукка дуушар болгон балдарга жардам берүү борбору» үстүбүздөгү жылдын 9- октябрынан тарта иштеп баштады. Аталган борбор Кыргыз Республикасынын Өнүгүү министрлиги жана Кадамжай шаардык мэриясынын ошондой эле «Ларк Кадамжай» Коомдук фондунун колдоосу менен ачылды.

Борбор аты айтып тургандай ден соолугунан же акыл эсинен мүмкүнчүлүгү чектелүү, ошондой эле ар кандай зордук зомбулуктарга кабылган балдарга юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтөт дейт борбордун директору Кыял Жусупова. Ошондой эле борбордо юрист, психолог, социалдык кызматкер жана борбордун директору болуп 4 кызматкери муктаж болгондорго кызмат көрсөтөөрүн кошумчалады.

Учурда коомдо көптөгөн балдар ата энесинин өзүмчүлдүгүнүн курмандыгы болуп, ата энелери өз баласынын мүмкүнчүлүгүн чектеп жаткан үй бүлөлөр жок эмес. Мисалы ичимдик ичкен үй бүлөлөрдүн жана турмуш шарты оор үй бүлөлөрдүн балдары базарда ар кандай оор жумуштарга тартылып, жетиштүү тарбия жана билим албай калган учурлар көп. Ошол эле учурда майып балдары бар ата энелер да майып балдарын коомго аралаштырууну каалашпайт, уялышат жана намыстанышат. Мунун айынан анын баласы билим албай, дарыланбай өмүр бою үйдөн чыкпай коомдон сырт калууда. Өзгөчө биздин Баткен аймагында мындай оор шартта жашаган балдарга жана алардын ата энелерине жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү өтө аз. Эми биздин борбор мына ушул көйгөйлөрдү жеңилдетүүнүн үстүндө иштеп мындай үй бүлөлөрдүн балдарына жана ата энелерине психологиялык жана социалдык жардам көрсөтөбүз дейт борбор директору Кыял Жусупова.

Ошондой эле чоңдор тарабынан уруп согуу, зордуктоо сыяктуу зордук зомбулук фактыларына кабылгандарга юридикалык жардам көрсөтүү дагы бир максатыбыз. Мындай учурда аларга адвокат жалдап берүү, же документациялык иштери боюнча маселе болчу болсо наториалдык жардам көрсөтө алабыз. Ошол эле учурда жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн биз мектеп мугалимдери, милиция кызматкерлери жана дарыгерлер жалпы коомчулук менен биргеликте иш алып баруунун үстүндө иштейбиз. Ал эми келечекте борбордун алдында калыптандыруу борборун ачуу максатыбыз бар деп кошумчалайт К. Жусупова.

Аталган борборго Баткен облусунун аймагында жашаган бардык мүмкүнчүлүгү чектелүү, оор шарттагы жана зордук зомбулукка кабылган балдар жана алардын жакындары психологиялык, социалдык жана юридикалык жардам алуу үчүн кайрылса болот. Бул үчүн 036 22,5-01-03 номерлүү ишеним телефондору иштейт.

БУУПӨПтүн “Кыргыз Республикасында сот адилеттигинемүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуумаксатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мумкунчүлүктүжакшыртуу” долбоорлорунун алкагында даярдалды.

Чолпон Бердикулова,Баткен таңы”, 19.10.2015-ж.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*