Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын иш менен камсыз кылуу укугу

mykty_mugalim
Султан Кадыров агай окучулары менен

Султан Кадыров агай 23 жылдан бери ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан Баткен районундагы Бердикул Акматов атындагы орто мектепте үзүрлүү эмгектенип келүүдө.

– «Мен 1970-жылы туулганмын, 2 жашымда шал оорусу менен ооруп балдактын жардамы менен басып калгам. Мектепти аяктагандан соң Жалалабаттагы педагогикалык училищасын, андан кийин БатМУнун Кызыл-Кыядагы филиалынын филология адистигин сырттан окуу бөлүмүндө аяктадым. 23жылдан бери мектептин башталгыч классына сабак берип келем, быйыл 1-класстарды окутуп жатам. 2-кабатка чыгып түшүүгө ыңгайсыз болгондуктан жетекчибиз атайын шарт түзүү максатында 1-кабаттан каана бөлүп берди. Мага бардык шарттар бар, жамаат менен ынтымак иштеп келе жатабыз. Насаатчы мугалим катары кошумча эмгектенем. Үй-бүлөлүүмүн. 1 уул, 1 кыздын ардактуу ата-энесибиз»,- дейт Султан Кадыров.

Бул багытта, аталган мектептин директору Ыхвал Сыдыковага кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөргө токтолду:

– “Биз ар дайым жамаат менен бирге агайды түшүүнү менен мамиле жасап бардык шарттарды түзүп берүүгө аракет жасайбыз. Агай үчүн шарт түзүп, атайын 1-кабаттан каана бөлүп бергенбиз. 2014-жылы ЮНИСЕФ уюму тарабынан конкурс жарыяланып, “Мыкты класс” дипломун алган. Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын жана мектептип Ардак Грамоталары менен сыйланган”,-дейт мектеп директору.

Баткен району боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген канча жаран катталган жана кайсы топтогу жарандар жумушка жарамдуу деп эсептелет? деген суроо менен Баткен райондук социалдык фонд башкармалыгына кайрылып көрдүк.

– “Бүгүнкү күндө Баткен району боюнча жалпысынан 18 жаштан жогорку мүмкүнчүлүгү

чектелген 2657 жаран катталып, анын 1157син аялдар түзөт. Бизге келген жарандар МСЭКтен берилген справканын негизинде группага катталат. Мисалы, 1-группага 221 жаран, 2-группага 1737 жаран, ал эми 3-группага 699 жаран катталган. Жалпылап айтканда, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын пенсиясы жалпысынан бүгүнкү күндө 8 млн 309 миң сомду түзөт.

Ал эми биздин башкармалыкта бул жумушка жарамдуу, жумушка жарамсыз, деп бөлүп каралбайт. Андай чечимди МСЭК аркылуу гана алууга болот. Белгилей кетүүчү нерсе эгер 18 жашында группага чыгып, МСЭКтен өткөн учурда дагы мамлекеттик салык төлөнбөгөн же үлүшү жок болсо анда биз пенсияга чыгара албайбыз. Социалдык коргоо бөлүмүнө өткөрүп беребиз”, – дейт Социалдык фондунун Баткен райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмаз Абдиев.

Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адиси Назгүл Кудайбердиеванын берген маалыматына ылайык, 18 жаштан жогорку мүмкүнчүлүгү чектелген 2657 жаран катталган болсо, анын ичинен 10мүмкүнчүлүгү чектелген жаран иш менен камсыз болуп мамлекеттик кызматта. Алардын 8и эркектер, 2сү аялдар, 2-топтогу 8, 3-топтогу 2 жаран катталган.

Демек, статистикалык маалыматтарга таянсак, 2657 жарандын ичинен 10 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран гана иш менен камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын кесипке даярдоочу жана иш менен камсыз кылуучу мекемелердин зарылдыгы айтпасакда белгилүү.

Жумушка орношууда өз укугуңузду билиңиз!

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнөндөгү” КРнын мыйзамнын 5-бөлүмүнүн 28-беренеси

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын түзүү жана квоталоо

Жумуш берүүчүлөр белгиленген квотаны эске алуу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу үчүн жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү.

Жумуштуулук боюнча мамлеккеттик кызмат органдары коомдук уюмдардын катышуусу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн иштеп жаткандардын санынан (20 кишиден кем эмес болсо) 5% кем эмес өлчөмдөгү жумуш орундарын квоталоо боюнча нормативдерди иштеп чыгышат, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аны бекитишет. Мында бул нормативдин эсебинен толук эмес жумуш убактысынын шарттарында жумуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

29-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызмат органдары тарабынан камсыз кылынат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды атайын түзүлгөн же квоталанган жумуш ордуна ишке кабыл алуу тууралуу алардын жолдомосу жумуш берүүчүнүн аткарышы үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды мамлекеттик кызмат органдарынын жолдомосу боюнча жумушка алуудан негизсиз баш тартканучурда жумуш берүүчү КРнын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын иш менен камсыз болуу укугу

  • 2008-жылы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу тууралуу мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык, мамлекет тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жумуш орундарына 5% квота берилет.
  • Жумуш берүүчүлөр белгиленген квотаны эске алуу менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке орноштуруу үчүн жумуш орундуктарын түзүүгө милдеттү. Эгерде жумуш берүүчүлөр мүмкүнчүлүгү чектелген жаранды жумушка алуудан баш тартса, атайын квотанын негизинде 8миң сомдон 10миң сомго чейин айып-пул салынат. Бул көрүнүш бир нече жолу кайталанса , айып пулдун өлчөмү эки эсеге көбөйтүлүп, 15миң сомдон 20миң сомго чейин каражатты түзөт.
  • Мыйзамда мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери майыптардын укугун бузган болсо кызматынан четтетилет» деген норма каралган. Эгерде чиновник мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын укугун бузса кызматынан четтелет.

Мыйзамга ылайык ар бир мамлекеттик жана муниципалдык мекеме ишканалар мүмкүнчүлүгү чектелген жаранды ишке алууга жана анын укугун бузбоого милдеттүү. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген жаран көрсөтүлгөн талаптарды аткарууга жөндөмдүү болсо, ишке жайгашууга жана жогоруда айтылган шарттуу укуктарга ээ.

«Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды».

Айпери Сапарбаева, “Кызыл туу”, 12.10.2015-ж.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*