Назирбек ТАЙЛАКОВ: «Эки колу мунжу адамды эч ким жумушка албайт”

taylakov1

Ноокендин тургуну 25 жаштагы Назирбек Тайлаков тентектигинин айынан бала кезинде эки колунан айрылган. Учурда бир колу мунжу, экинчи колу жок болгонуна карабастан, мектептен билим алып, 2009-жылы компьютер оңдоочу устакана ачып иштетип баштаган. Аны атайын издеп келип, компьютер оңдотуп кеткен кардарлардын саны да арбын.  

«Тентектигимдин айынан эки колумдан ажырагам»

– Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Маасы айылында 1990-жылы жарык дүйнөгө келгем. Төрт бир туугандын улуусумун. Мен 1-топтогу майыпмын. Алгач мени көргөндөр «тубаса бир колу мунжу, бир колу жок болуп төрөлсө керек» деп ойлошот. Бирок андай эмес. Мен жарык дүйнөгө келгенде алты саным аман, эки колум ордунда болчу. Эки колумдан тентектигимден улам ажыраптырмын. Эсимде, 1-классты аяктап, каникул учурунда электр энергиясынын зымдарын эки колум менен кармап алган экенмин. Электр энергиясы күчтүү болгондуктан, эки колумдун эттери, булчуңдары, терилери күйүп, сөөгү эле калыптыр. Ата-энем дарыгерлерге алып барышса, сөөктөн эт өсүп чыкпасын айтып, колумдун сөөктөрүн кырып салганга аргасыз болушуптур. Колумдан айрылганда, бала болуп көп нерсени билбей калдым. Кийин эс тартып чоңойгонумда башка балдардын алдында өзүмдү басмырлап, көп иштерди алар жасагандай жасай албай, башкалардан коруна берчүмүн. Колумдан айрылганда 2-3-класста мектепке барганым менен калем сап кармап жаза алчу эмесмин. Андан улам кээде ызаланып ыйлагым да келчү. Кийинки окуу жылы башталып, 4-класс болгонумда айла жок оозум менен калем сап кармап жазганды үйрөнгөм. Классташтарымдагы колунан келген жардамдарын эч аячу эмес. Алардын бири дептерлеримди, экинчиси калем саптарымды үйүмө көтөрүп барып, кайра алып келишчү.

«Биздин мүмкүнчүлүгүбүз көп жерден чектелип калат»

– Биз, майыптар, алты-саны соо адамдарга салыштырмалуу «биз майыппыз» деп чөгүп, күйүткө алдырбастан, намыстанып оокат кылып келебиз. Албетте, күнүмдүк жашоодо биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз көп жерден чектелип калат. Мисалы, жүргүнчүлөрдү ташыган автоунааларга түшүү мен үчүн бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн транспорттордо атайын шарттар түзүлгөн эмес. Аны менен катар эле эл көп жерге баргың келбейт. Анткени баары сенин колуңду карап, «майып го» деген сыяктуу элес калтырышат. Бирок ушуга да шүгүр кылышыбыз керек. Чындыгында мен бала кезимде «Эмнеге менин колдорум жок? Элге окшоп эле колдорум болсо эмне?» деп арман кылып, кээде өксүп ыйлап алчумун. Кийин беш маал намаз окуй баштаганымда Аллахка шүгүр кылып, тирүү жүргөнүмө каниет кылам. Буюрса, өзүмө ылайыктуу кыз таап, турмуш курсам деген пландарым бар. Учурда сүйлөшкөн кызым жок.

«Бала кезимден эле компьютерге кызыгып келем»

– Мектепти кызыл аттестат менен аяктагандан кийин чоң окуу жайдан билим алуу максатында Оштогу жогорку окуу жайдын программалоо адистигине тапшыргам. Бир жыл окуп, шартка байланыштуу уланта албай калдым. Окуумду сырттан окуу бөлүмүнө которгом, бирок шартка байланыштуу аяктаган жокмун. Иштейин деп башкаларчылап жумуш да издештирген жокмун. Себеби эки колу мунжу адамды эч ким жумушка албайт да. 2008-жылдан тарта үйдөн ар кимдин компьютерин бир аз каражатка оңдой баштадым. Себеби бала кезимден эле компьютерге кызыгып келгем. Бул өнөр менде тубаса болсо керек. Компьютер боюнча билимим жок болгону менен бардык тетиктерин жакшы билем. Баардыгы менин аракетиме жараша болуп жатат. Компьютерди жаңы оңдоп баштаган жылдары отвертканы тиштеп алып анын ар бир бурамасын бурап жатканда, отверткам түшүп кетип, көп жолу убаралангам. Компьютерди оңдоодогу бардык кыйынчылыктарды өздөштүрүп алган соң 2009-жылы атайын устакана ачып алгам. Учурда кардарларым да көп.

«Тапкан каражатым үй-бүлөмө жетет»

– Устачылык менин кесибим жана өнөрүм десем да болот. Анын өз түйшүгү жана ырахаты бар. Мен андан тамак таап жеп жатам. Тапкан каражатым өзүмдү жана үй-бүлөмдү багууга жетет. Күнүгө 2-3 компьютер, 4-5 принтер оңдогон учурлар болот. Айрым учурда бир күн бою бир компьютерди оңдоп, бир күндө 200-300 сом табасың. Беш кол тең эмес да, Кудайдын бергенин насип кылсын. Устаканамды ижарага алып иштетем. Айына 3000 сом ижара акысын, 1500 сом интернетке төлөйм. Андан арткан каражатты үй-бүлөмө жумшайм. Негизи менин жумушум жакшы. Каалаган убагымда жумушумду бекитип кете берем.

Маалымат үчүн

  • Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар Кыргыз Республикасынын “Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары жана кепилдиктери” тууралуу мыйзамы менен коргоого алынган.
  • 2008-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу тууралуу мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык, мамлекет тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жумуш орундарына 5% квота берилген.
  • Жумуш берүүчүлөр бергиленген квотаны эске алуу менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке орноштуруу үчүн жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү. Эгерде жумуш берүүчүлөр майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тартышса, атайын квотанын негизинде 8 миң сомдон 10 сомго чейин айып пул салынат. Бул көрүнүш бир нече жолу кайталанса, айып пулдун өлчөмү эки эсеге көбөйтүлүп, 15 миң сомдон 20 миң сомго чейинки каражатты түзөт.
  • Мыйзамда «мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери майыптардын укугун бузган болсо, кызматынан четтетилет» деген норма каралган. Эгерде чиновник мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын укугун бузса, кызматынан четтетилет.
  • Жумушка алып жатканда, кошумча сынактарды берүүгө тыюу салынат;
  • Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды белгилүү убакыттан ашык иштетүү, дем алыш күндөрү жана түнкүсүн жумушка тартуу алардын макулдугу менен гана ишке ашат;
  • Майыптарга ылайыкташылган жумуш орундарын түзүп берүүдөн баш тартууга;
  • Белгисиз себептер менен айлык маянасын кыскартууга;
  • Алардын макулдугусуз иш сапарына жөнөтүүгө;
  • Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын макулдугусуз башка жумушка которуп жиберүүгө болбойт.

 

Толкун ИСАКОВ, «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга юридикалык жактан жардам көрсөтүү» коомдук фондунун жетекчиси:

– Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге шаардык транспорттордо тиешелүү шарттар түзүлбөсө, аларды жумушка албаса, башкача айтканда, укуктары бузулуп жатса, кимдерге кайрылса болот?

– Биринчиден, шаардык кеңештин депутаттарына кайрылыш керек. Анткени шаардык кеңештин депутаттары тарабынан бекилген жүргүнчүлөрдү ташыган автоунаалар тууралуу атайын жобо бар. Ошол жобонун ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүлүшү керектиги ачык-айкын жазылган. Аларга, биринчиден, коомдук тарнспорттордо атайын орундуктар камтылышы керек. Экинчиден, ар бир аялдамага токтогондо, кайсы аялдама экени көзү азиздер үчүн үнү чыгарылып  айтылышы керек. Мына ушундай нормалар бар. Эгерде ушул нормалар аткарылбай жатса, шаардык кеңеш өздөрүнүн токтомунун аткарылышын көзөмөлгө алууга милдеттүү. Андан сырткары, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары бузулса, биздин «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга юридикалык жактан жардам көрсөтүү» коомдук фондубузга кайрылышса болот. Биз да колубуздан келген жардамдарыбызды беребиз. Биздин телефондор:0772 50-62-57

“Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды”.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА, «Полит Клиника», 01.10.2015-ж.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*