«Сабатсыз калганыма өкүнөм»

Ширин Садыкова, 44 жашта. Экинчи топтогу майып. Ноокат районунун , Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Тейит айылынын жашоочусу.

Жараткандын жазмышына ылайык, туулгандан эле бир буту, бир колу жакшы иштебесе да бул эже кайраттуу. Инисинин карамагында турганына карабай өзүнө тийиштүү иштерди өзү аткарат.Бир колдоп суу ташыйт, кир жууйт, тамак жасайт. Ширин эже биз менен болгон баарлашуусунда төмөнкүлөргө токтолду.

– Ата-энем да экинчи топтогу майыптар эле. Ошондонбу айтор ушундай туулупмун. Жашоом жакшы эле. Инимдин карамагында турамын. Анын балдары мага жардам беришет. Пособиемди да аларга берем. Өзүмдүн сабатым жок. Кичикей мезгилимде бир айдай мектепке баргам. Ошол күндөр эч эсимден кетпейт. Азыр көчөдө балдардын кыздардын мектепке бара жатканын көрсөм көзүм күйөт. Эгер кудай мага ошол күндү кайтып берсе мен сөзсүз мектепке бармакмын. Жакшы окуп, эсеп-кысап чыгарууну үйрөнөөр элем. Өзүм ошого кызыгам. Мектепте андан ары окубай калганыма бир эле нерсе себеп болгон деп ойлойм. Ал да болсо менин майыптыгым. Ал мезгилде жаш болсом керек да, түшүнбөстүккө жол берипмин. Биздин класстагы анча-мынча балдар-кыздар мени туура түшүнбөй, үстүмдөн күлүшкөн. Мен мектептен ыйлап келгем. Апам ыраматылык жубатып, эртеси дагы жиберген. Бирок, жогорудагы көрүнүш күн сайын кайталана берген. Ошондон тажап барбай койгом. Анын үстүнө азыр атын унутуп калдым, эжейбиз мындай болсо сенин окубай койгонун эле оң деп түшүндүргөн. Кийин баары кеч болуп калды. Азыр инимдин балдарын-кыздарын жакшы окугула деп урушам. Өзүм болсо сабатсыз болуп калганыма аябай өкүнөм. Эгер окууну, жазууну билгенде, көп китептерди окусам керек эле. Азыр телевизор көрүү менен гана чектелемин. Адамдардын баары билимдүү болушса жакшы болот деп ойлойм.

Бул макала Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү жана Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды.

Нуркамил Абдуллаев, Ноокат таңы”, 25.09.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*