Кыргызстанда балдар үчүн ишеним телефону иштей баштады

Акыркы учурларда балдарга болгон зордук зомбулуктар көп катталгандыктан, мамлекет тарабынан чаралар көрүлүп, социалдык өнүгүү министрлиги балдар үчүн ишеним телефонун ачты. Кызмат тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону борборунун директору Марина Жапаркуловага кайрылдык.

marina_japarkulova1

 

– ММКларда балдар үчүн ишеним телефону ачылары тууралуумаалыматтараган эле, кызмат ишке кириштиби?

– Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнда атайын токтому чыккан.Анын негизинде КРнын социалдык өнүгүү институтунун алдында “Балдар үчүн ишеним телефону”борбору ачылды. Токтом 24-июнда чыгып, 1-августан баштап күчүнөкирген. Мекемени атайын юридикалык тарапкатары каттоодон өткөрдүк. Ошондой эле статистика органдарынан, салык органдарынан, каттоодон өтүп, баарын бүтүрдүк. Өзүбүз чакан комиссия түзүп, кызматкерлерди жумушка алуу боюнча сынак жарыялап, кадрларды алдык. Чындыгын айтканда,психологиялык жактан даяр, тажрыйбасы бар кызматкерлер биздин өлкөдө аз экен. Ошого карабастан педагогика жагынан билими бар, же социалдык билими барларды караштырып, кызматка алдык. 10-сентябрдан тарта министрликтин алдында “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору иштеп баштады. Мамлекеттин кайсы тарабында болбоңуз, биз менен байланышуу үчүн, эң жөнөкөй 111 номерин тересиз.

– Борбордун ачылыш максаты боюнча айта кетсеңиз?

–  Бул борбордун ачылыш максаты, балдардын укуктарынын бузулуу фактысына ыкчам таасир этүү, балдарга карата кризистик кырдаалды болтурбоо, ырайымсыз мамиленин алдын алуу боюнча чараларды көрүү максатында ачылган. Эгер, балдар психологиялык жактан жардамга муктаж болсо, алардын зордук зомбулукка учурап жатканын көрүп билгендер болсо, 111 номерин терип, бизге кабар берсе болот. Биз ал кабарды уккандан кийин, борбордун өзүнүн аты айткандай эле, телефон аркылуу психологиялык кызмат көрсөтөбүз. Бирок, эгерде жогоруда айткан фактылар боюнча чалышса, анда биз тийиштүү органдарга кайрылабыз. Мисалга алсак, эгер бала зордук зомбулукка учураган факт катталса, тез арада ИИМге чалып кабарлайбыз. Эгерде, баланын ден-соолугуна байланыштуу болсо, саламаттыкты сактоо органдарына дайындайбыз. Балага учурда психологиялык жардам керек болсо, анда биздин кызматкерлер телефон аркылуу психологиялык жардам беришет.

– Алгачкы чалуулар болдубу? Көбүнчө кандай маселе боюнча кыйрылып башташты?

–«111» деген номер абдан ыңгайлуу экен. Кээ бир мекендештерибиздин телефону басылып калып, автоматтык түрдө бизге чалынып калып жатат. Ошондо, «Саламатсыздарбы, “Балдар үчүн ишеним телефон» борбору угуп жатат» десек эле, тыңшаап туруп, анан өчүрүп коюшат. Же болбосо «Эмне дейсиз?» деп, тактап сурап калышат. Бир жолу кокустан биздин номерди терип алган, мүмкүнчүлүгү чектелген ата чалды. Ал «Кичинекей неберем бар. Кызым болсо иштебейт. Неберемди бала бакчага жайгаштыруу боюнча жардам бересиңерби?» деп калды. Биз чынын айтканда, телефон аркылуу консультация беребиз да. Ошондуктан, кеңеш бердик. Тийиштүү органдарга кайрылаарыбызды билдирдик. Бишкекте мэриянын алдындагы билим берүү борборлору бар. Биз ошолордун бирине чалып, дайындадык. Дагы бир эсте калган чалуу, тогуз жашар баласы менен тил табыша албай жаткан айымдан болду. Кайда барып, кандай психологго кайрылсам болот деп чалган экен. Биз өзүбүздүн жардамыбызды берип, анан шаардагы тажрыйбалуу психологдор иштеген, балдарга жардам берүүчү борбордун дарегин бердик. Мына ушул сыяктуу балдарга тийиштүү маселелер боюнча, министирликтин ар бир райондогу үй бүлө жана балдарды коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине тапшырма берип, алардын жумушун көбөйтүп жатабыз.

Көпчүлүк мындай ишеним телефону бар экенин деле билбесе керек. Сиздер ал тууралуу маалыматты жайылтуу боюнча аракеттерди көрүп жатасыздарбы?

– Номерди жайылтуу боюнча, биз караштырып жатабыз. Массалык маалымат каражаттары аркылуу, социалдык ролик же сыналгылардагы жүгүртмө жарнамалары аркылуу берүү үчүн, демөөрчүлөрдү издеп жатабыз. Жөн гана 111 сандарын чыгарып койбостон, балдар үчүн кызыктуу болгудай жарнамалардын дизайндарын карап, бул боюнча иштеп баштадык. Спонсорлорду караштырып, сүйлөшүп жатабыз. Анткени, учурда баардык нерсе каражатты талап кылат эмеспи.

– Учурда канча кызматкер иштеп жатат?

– Биз алгач ишке киришерден мурда, кызматкерлерди издеп баштадык. Бардык кызматкерлердин психологиялык билими болбогондуктан, үч күндүк окуу өткөрдүк. Психологдорду чакырдык, бейөкмөт уюмдарынын кызматкерлери келип, окутуп, жардам беришти. Учурда алты психолог кызматкери ишке киришти. Маалыматтарды жайылтсак, көп чалуулар болот деп даярданып жатабыз.

Ишеним телефон кызматы аркылуу, балдарга болгон зордук зомбулуктун азайышына ишенесизби?

– Жүз пайыз болбосо дагы, алдын алуу иштери болот деген үмүтүбүз бар. Көпчүлүк учурда өспүрүм балдардын көп көйгөйлөрү болот эмеспи. Ата-энеси уршуп койсо эле таарынып кетип калгандар бар, мектепте рэкетчилик деген бар. Мына ошолордун алдын алып, туура консультация берсек, чоң жардамыбыз тиет деген ойдобуз. Балдары менен проблемасы болуп жаткан ата-энелерге жардам беребиз.

“Балдардын үчүн ишеним телефонуна” байланышуу үчүн бардык телефондордон 111 номерин терип байланышсаңыз болот.

“Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мумкунчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды”.

Жаңыл Исаева, «Полит Клиника», 17.09.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*