МСЭКдан өткөн жаран жөлөк пул алууга укуктуу

kolyaska

Баткен районун аймагында бүгүнкү күндө майыптыгы бар 3100 жаран катталган. Бул Медициналык социалдык эксперттик комиссиядан өткөн жарандар гана, көпчүлүк мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кайсыл жерге кайрылаарын билбей көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болушат.

Ошол себептен Баткен райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Нурлан Айиповго (МСЭКдан) өтүү жолдору тууралуу кайрылганыбызда ал төмөнкүлөргө токтолду:

«Ооба, чындыгында көпчүлүк жарандар бизге кайрыларын билбей кыйынчылыктарга дуушар болушат, бизге кайрылгандарга багыт берип, бүгүнкү күндө айыл өкмөт кеңселериндеги маалымат тактайчаларына тиркетип жатабыз. Мисалы, бүгүнкү күндө Кара-Бак айыл өкмөтүндө 18 жашка чыга элек 400 майыптыгы бар жаш өспүрүмдөр катталган. Белгилеп кетүүчү жагдай, 18 жашка чыга элек майыптыгы бар Медициналык социалдык экспертизадан өткөн өспүрүм 3500 сом жөлөк пул алууга укугу бар».

МСЭКдан өтүү үчүн керектелүчү докменттер жөнүндө төмөнкүлөр:

1. Паспорт, Балдар үчүн туулгандыгы жөнүндө күбөлүк,

2. Эмгек китепчеси (көчүрмөсү),

3. Саламаттык сактоо мекемесинин жолдомосу (Ф-86),

4. Амбулаториялык карта (бейтапканадан),

5. Оорусун далилдеген медициналык документтер, изилдөөнүн жыйынтыктары, оору тарыхынын көчүрмөсү.

6.Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы (120 күн иштегендер үчүн).

7.Аскер кызматкери үчүн РБДАКнын корутундусу.

МСЭК тарабынан отургуч арабага медициналык корутунду алуу үчүн төмөнкүдөй документтер керектелет:

1. Паспорт.

2. Саламаттык сактоомекемесининжолдомосу (Форма 88).

3. Амбулаториялык карта (бейтапканадан).

4. Оорусун далидеген медициналык документтер (изилдөөнүн жыйынтыктары, оору тарыхынын көчүрмөсү).

МСЭК тарабынан жатак үйлөргө жайгаштырууга медициналык корутунду алуу үчүн болсо төмөнкү документтер керектелет:

1. Паспорт.

2. Саламаттык сактоо мекемесинин жолдомосу (Форма-88).

3. Амбулаториялык карта (бейтапканадан).

4. Оорусун далидеген медициналык документтер (изилдөөнүн жыйынтыктары, оору тарыхынын көчүрмөсү).

Ушул документтердин негизинде Медициналык Социалдык Эксперттик комиссиядан өтө алышат дейт Баткен райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Н.Айипов.

МСЭКданөтүү үчүн төмөнкү даректерге кайрыла аласыздар:

1. Ош райондор аралык көз оорулары боюнча МСЭК: Ош шаары, Ленин көчөсү, 312 (төрагасы Үсөн Матисаков).

2. Лейлек райондор аралык МСЭК: Исфана шаары, СССРдин 60 жылдыгы көчөсү (төрагасы Исмаил Кадыров, тел.: (03656) 5-01-52).

3. Ош райондор аралык психикалык МСЭК: Ош шаары, ХБК району, Ош обл. психикалык борбору, 1-кабат (төрагасы Мамашади Касымов, тел.: 0773 39-40-07).

4. Ош райондукКургак учук боюнча МСЭК: Ош шаары, Р.Абдыкадыров көчөсү, Ош.обл. кургак учукка каршы күрөшүү борбору (төрайым Мария Бекиева, тел.: (03222) 2-27-10).

Демек, мүмкүнчүлүгү чектелген ар бир жаран медициналык социалдык эксперттик комиссиядан өткөндө гана жөлөк пул алууга, түрдүү мамлекеттик жеңилдиктерден пайдаланууга укуктуу.

Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорунун көмөгү менен даярдалды.

АйпериСапарбаева, Кызыл Туу, 30.08.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*