Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүү орчундуу маселе эмеспи?..

Баткен шаарынын аймагында 987 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Ал эми 18 жашка чейинкилердин саны 143 түзөт. Тилекке каршы мындай майыптыгы бар адамдардын шаар көчөлөрүндө жүрүүдө көп кыйынчылыктарга дуушар болоорун байкоого болот. Анткени дээрлик бардык эле мекемелерде арабачан майып адамдар кире турган пандустар жок болгондуктан алар кире алышпайт. Жада калса муктаж болгон нерселерин дүкөндөрдөн да сатып ала алышпайт. Ал эми билим алууга умтулган жаштарыбыздын да тилеги орундалбай калган учурлар көп. Статистикалык маалыматтарга таянсак Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн шарты бар 200 мектеп бар. Алардын көпчүлүгү борбордо жайгашкан мектептер. Ал эми Баткен шаарында 1гана мектепте пантдус бар. Мындай көйгөйлөрдөн улам өлкөдө 26 миң майып баланын 300 гана мектепке барат.

asilbek_arapov

Баткен шаарынын тургуну 44 жаштагы Асилбек Арапов 2-топтогу майып. Ал көп жылдардан бери арабада жүрөт. «Мекемелерге кирүүгө мүмкүнчүлүк жок, ал эми дүкөндөргө такыр эле кире албайбыз. Ошондуктан зарыл болгон буюмду алуу үчүн базарга барам. Баткендин базарын билесиңер да тар болгондуктан ар дайым тыгын. Адамдар унаалары менен да базар ичине тынбай кирип турат. Өтө эле ыңгайсыз абалда болом, кыйналам айла жок. Жада калса шаардын ички көчөлөрүнүн көпчүлүгү асфальт эмес. Эгемендүүлүк алгандан бери бир жолу шаардын 5,6 көчөсү асфальттанды бирок мен жашаган көчө таштак. Араба менен жүрүү өтө кыйын. Жок дегенде көчөбүз асфальт болгондо», – дейт ал.

Ал эми көптөгөн мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбыздын сабатсыздыгына да алар жашаган аймактагы шарттын жоктугу себеп болот. Алардын көпчүлүгүндө жада калса башталгыч билими жок. Анткени мектептерде да пантдустар же үстүңкү кабатка көтөрүлүү үчүн шарт жок. Бул багытта биз тийиштүү адистерге эмне себептен имараттарды курууда мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын абалы эске алынбай жаткандыгы тууралуу суроо узаттык.

Баткен аймактык экологиялык техникалык инспекциясынын башчысынын орун басары Аскар Кушматов: «Баткен шаарында жайгашкан, Советтер Союзу убагында курулуп калган эски имараттарда гана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жүрүүгө шарт жок. «Ал эми жаңыдан курулган имараттарда архитектуралык планда кандай каралган болсо ошондой талап коюп, анан пайдаланууга уруксаат беребиз. Биздин мекеменин түзүлгөнүнө эми эле үч жыл болду, биз ушул аралыкта жүргөн курулуштарга гана жооп беребиз», – деген жообун айтты.

Ал эми Баткен шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Эрмамат уулунун айтымында, Баткен шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн толук шарт жок. «Мындай муктаждыктагы жарандар көп баруучу айрым мекемелерде да пантдустар жок экендиги өкүнүчтүү. Негизи пантдусарды куруу үчүн көп деле чыгым кетпейт, бул жөн гана кайдыгерлик деп айта алам . Бул маселени чечүү үчүн тийиштүү мекемелердин жетекчилери мамлекеттен маяна алып жашап жаткан соң өз иштерине жоопкерчилик менен мамиле жасашы керек», – дейт Алмаз Эрмамат уулу.

Бул багытта укук коргоочу Гулнара Дербишева: «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл арасында кеңири жүрүүсү үчүн шарт түзүүнү өкмөт орчундуу маселе деп эсептебейт. 2013-жылы майып жарандардын укугун жергиликтүү бийлик өз күчү менен чечсин деген токтом чыккан. Жергиликтүү бийлик да мындай маселелерди көз жаздымда калтырып келет. Эми алдыда бир гана үмүт БУУнун Майыптардын укугун коргоо конвенциясынын ратификацияланышында. Биздин мамлекет ага эчак кол койгон, бирок Жогорку Кеңеш ратификациялабай келет. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга коомго аралашып, кеңири жүрүүсү үчүн шарт түзүүгө 3 млрд сом керектелет экен. Бул мамлекет үчүн өтө деле көп чыгым эмес болсо керек. Ошондо пантдустар, үндүү светофорлор жана брайн шрифтер менен камсыз болот элек. Эгер депутаттар колдоп берсе, эл аралык документтерге кол коюлган соң бул багытта жылыш болот деп ойлойм», – дейт.

Чолпон Бердикулова, “Баткен таңы”, 17.08.2015-ж.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*