Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук ажырашууларга алып келет

КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында аймактагы социалдык-укуктук маселелерди жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын, ММКнын биргелешип иш алып барып баруусу боюнча тегерек стол болуп өттү.

Ага облустук өкүлчүлүктөн Анара Капарова, облустук соттон, укук коргоо органдарынан, мэриядан, кризистик борборлордон, Омбудсмен кызматынан өкүлдөр жана психологдор катышышты. Тегерек столдун катышуучулары аялдардын үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылышы, ажырашуулардын көбөйүшү, үй-бүлөнү плансыз куруулар, атайын үй-бүлө тууралуу иштелип чыккан программалардын жетишсиздиги тууралуу талкуулашып, ойлорун айтышты.

Ажырашуу алдында турган үй-бүлөнү сактап калуу тууралуу эл арасында түшүнүк төмөн, үй-бүлө курууну плландаштыруу иши эл арасында кеңири таралбай жатышы, сабатсыздык, атайын программалардын жетишсиздиги деген оюн айтат «Ак-Жарык» кризистик борбору» коомдук фондунун жетекчиси Дарика Асылбекова. Анын айтымында алардын борборуна үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аял-эрекектер көп жардам сурап  кайрылат. «Биздеги статистикалык маалымат боюнча Ош облусунда 60 пайыздай үй-бүлөлөр ажырашып жатышат. Бул баарыбыз үчүн чоң коркунуч дейт Дарика Асылбекова. Ал жетектеген борборго 2002-жылы 13 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аял кайрылса, 2015-жылдын 6 айында 421 аял кайрылган.

Аялдар зомбулукка кабылып, аргасыздан ажырашкан учурда балдарына алимент чыгаруу сот органдары тарабынан жакшы көңүл бурулбай келет.

КР Улуттук статистикалык маалыматы боюнча 2010-жылы Ош облусу боюнча  10618 үй-бүлө никге туруп, анын 912си ажырашкан. Ал эми 2014-жылга 12977 үй-бүлө никелешсе, анын 1368и ажырашкан.

Кризистик борборлордун жетечилеринин айтымында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка бир гана аялдар кабылбастан, эркектер да кабылып турат. Бирок, алар намыс сактап тартынышат. 2014-жылы облус боюнча 103 эркек ар кандай маселеде кайрылган. Арасында жабыркагандары, аялдары тоготпой кетип калгандары бар, көпчүлүгү тууган-уруктары менен мүлк талашкандар.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды”

Г.Мамазияева, Ош жаңырыгы, 22.08.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*