Майыптардын жөө жүрүшү өтөт

jurush

Бишкекте 12-сентябрь күнү майып кишилер “Тоскоолдуксуз жашоо” деп аталган жөө жүрүшкө чыгышат. Катышуучулар “Бишкек парк” соода борборунан Ишеналы Арабаев атындагы университетке чейин тең укуктуулукту даңазалаган жазууларды көтөрүп барышмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” жарандык активист, “Назик кыз” коомдук бирикмесинин жетекчиси Үкөй Мураталиева билдирди. Акциянын алкагында концерттик программа сунушталып, университетте майыптардын укугуна байланыштуу атайын жыйын өтөт.

Расмий эсепте учурда Кыргызстанда 162 миңмайып киши бар. Алардын 30 миңге жакыны 18 жашка чейинкилер.

“Азаттык”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*