Мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерге жардам берилеби?

oshjanyrygy

Ар бир адамдын тагдыры ар башка. Демекчи, элибизде дайыма «Ден-соолугу чың болсун, алты саны аман болсун» деп батаа беришет. Ылайым эле ошондой болсун, баарыбыздын саламатчылыгыбыз сак болсун.

Бирок, ар кандай себептер менен адам баласы майыптыкка кириптер болуп, мүмкүнчүлүгү чектелген  адамдардын (МЧА) катарына кошулуп калган учурлар аз эмес. Айрымдары тубаса, кээ бирлери ар кандай кырсыктын кесепетинен жаракат алып, ар кандай топтогу майыптыкка кабылып калышууда.

Цифралай алсак, 2015-жылдын башталышына карата Кыргыз Республикасында 162 миңге жакын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катталган жана алар жалпы калктын санынын 2,7 пайызын түзүшөт. Ал эми алардын ичинен 27 миңи ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болуп саналат. Майып болуп мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга үй-бүлөсү, мамлекет жана коомчулук тарабынан жакындан жардам көрүү зарылдыгы келип чыгат. Анткени менен бул маселени баары эле көңүлгө алып, баары эле мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам колун суна беришпейт.

Биздин айтайын дегенибиз мүмкүнчүлүгү чектелгендердин мамлекет тарабынан камкордукка алынышы. Албетте, алар майыптык боюнча атайын топтук категорияга киргизилип, жөлөк пул чегерилип, тиешелүү социалдык камкордукка алынат. Бирок, коомдук жайлар, ишкана-мекмелер алардын жылып жүрүүсү үчүн ылайыкташтырылган эмес. Ошондой эле алардын автотранспортторго чыгып, автотранспортто жүрүүлөрү да өзүнчө маселе.

Биз экинчи борбор калаабыз болгон Ош шаарынын ишкана- мекемелерин, орто жана жогорку окуу жайларын, билим берүү мекемелерин, саламаттыкты сактоо мекемелерин, көп кабаттуу турак үйлөрүн,  иликтөөгө алганыбызда негизинен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жылып жүрүүсү же болбосо имаратка кирип-чыгуусу үчүн атайын жабдуу-пандус курулбагандыгын байкадык. Албетте, имараттар курулуп жатканда пандусту кошо куруу пландаштырылган эмес, ошондуктан алар курулбай калган деп билебиз. Бирок, кайсыл бир үйдө мүмкүнчүлүгү чектелген жана атайын коляска менен таза аба менен дем алуу үчүн же башка бир кереги үчүн эшик-эликке чыгып жүргөн адам жашаган болсо, социалдык колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалар же социалдык коргоо мекемелери жашаган жеринен каттоого алып, пандус жасатып берүүгө мамлекеттин эсебинен же долбоорлор аркылуу аракеттерди көрүүлөрү зарыл деп ойлойбуз.

pandus

Чет өлкөлөрүндө мүмкүнчүлүгү чекелген адамдарга имараттын биринчи кабатына эле эмес, үстүңкү кабаттарына чейин чыгууга мүмкүндүк берген пандустар кабаттар аралыгына курулган шатыларга ( лестница) чейин курулуп берилгенин телеберүүлөрдөн көрүп жүрөбүз. Ал эми бизде имаратка кирүү үчүнделе пандустар курулбаган.

Ош шаарында «Кыргыз почтасы» ишканасында атайын паспорт берүү бөлүмү кийинки жылдарда ачылып, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустар курулду. Мындай пандустар Ош шаарында башка мекемелерде, кооомдук жайларда азырынча дээрлик жок экенин байкадык. Ага карабастан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да коомдук жайларда болуп, өзүнүн маселеси боюнча кайсыл бир мекемелерге барышып, эл менен аралашкысы келет.

Ош шаардык соту жаңы мекемеге көчүү аракетин көрүүдө. Долбоордун чектеринде жаңы сот мекемесинде пандус курулуп жатканына күбө болук. Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге шаарда дагы бир шарт түзүлдү. «Көч бара-бара түзөлөт» дегендей биз айткан маселе мындан ары көңүлгө алынып, мүмкүнчүлүг чектелген адамдарга шарттар улам жакшырат деген үмүттө калабыз.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардамдын үлгүсү катары Раева Перизатты айтууга болот. Ал учурда «Ынтымак»ТВда радио бөлүмүндө ийгиликтүү иштеп жатат. Бул мекемеде Перизат үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Ал өзүнүн үйүнөн иштеген жерине барып, өзүнүн жамаатташтары менен көңүлдүү иштөөдө.

Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген инсандардын транспортто жүрүүлөрүнө да байкоо салдык. Кубандырганы аларга коомдук транспортто аяр мамиле жасалганын байкадык. Жүргүнчүлөр дароо орун бошотуп, камкордук көргөнүнө ичибиз жылыды.

Ал эми көзү көрбөгөн же начар көргөндөр үчүн да жолдо коопсуз жүрүү үчүн атайын белгилер каралган, андай белгилер тиешелүү жерлерге коюлуп жана жакшыртылышы зарыл. «Көзү көрбөгөн жүргүнчү» белгилери каралган.

К.Кыдыралиева, “Ош жаңырыгы”, 01.08.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*