Укуктук саясат иштери ырааттуу жүргүзүлдү

Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгы 2015-жылдын I жарым жылдыгында негизги милдеттеринин бири болгон– мамлекеттин укуктук саясатын жүргүзүү ж.б. тиешелүү багыттагы иш-арекеттерин планга ылайык, ийгиликтүү жүзөгө ашырды. Аталган башкармалыктын башчысы Р.Мусаевдин I жарым жылдыктагы аткарылган иштери тууралуу маалыматын сунуштайбыз.

– Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын аппарат кызматкерлери, мамлекеттик нотариустар өздөрүнө тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзам жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйруктарын, чечим-көрсөтмөлөрүн аткаруу менен бирге 2015-жылдын 1-жарым жыл ичинде белгилеген иш-чараларынын негизинде тиешелүү иштерди алып барышты.

Негизги милдеттеринин бири болгон мамлекеттин укуктук саясатын жүргүзүү ишинде массалык маалымат каражаттарын колдонуу аркылуу жана эл арасында жолугушууларды өткөрүү жолу менен укукту жайылтуу боюнча иштер аткарылды.

Атап айтсак, юридикалык жактарды каттоо, нотариалдык аракеттер, Кыргыз Республикасынын дин тутуу эркиндиги диний уюмдар жана диний экстремизмдер тууралу элге түшүндүрүү иштери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамы боюнча иштер, КР Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамы тууралуу, Кыргыз Республикасынын “коррупция мыйзамы” тууралуу, тынч чогулуштар боюнча жумуштар ишке ашырылды. Ошондой эле гендердик теңдик боюнча, жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары тууралуу, чек ара маселесине тиешелүү иш- чаралар, адам укуктары жана эркиндиктери тууралуу жана башка багыттар боюнча иштер аткарылды.

Ошондой эле, башкармалыктын кызматкерлери тарабынан эл арасында жыйындарды, жолугушууларды, семинарларды, лекцияларды окуу менен активдүү иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө.

Улуттар аралык ынтымакты сактоо боюнча 2 иш-чара, ал эми Ош шаарындагы стабилдүүлүктү, саясый жана диний кырдаалды турукташтыруу жана терроризм, экстремизм, диний сепаратизм, уюшулган кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча азыркы мезгилде көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө эл арасында массалык маалымат каражаттары жана жолугушуулар аркылуу түшүндүрүү иштери алып барылды. Бул багытта 13 иш-чара өткөрүлдү.

Башкармалык, ЖОЖ, ООЖ менен тыгыз байланышта иш алып барып, Ош Мамлекеттик юридикалык институтунун, Ош педагогикалык институтунун, Ош мамлекеттик университетинин, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Оштогу филиалынын студенттери тажрыйбадан өтүштү жана студенттер менен такай жолугушуулар өткөрүлүп келет.

Нотариат боюнча алсак, Ош шаарынын мамлекеттик нотариустары тарабынан 2015-жылдын 1-жарым жылы ичинде бардыгы болуп 29095 нотариалдык иш- аракет жүргүзүлүп, нотариалдык иш-аракетти жүргүзүү боюнча алынуучу мамлекеттик пошлина 3.827.965 сомду түздү. Ал эми акы алып кызмат көрсөтүүдөн алынган акча каражаты 263377 сом, архив кызматынан акы алып кызмат көрсөтүү 14758 сом, кеңседен тышкары, чыгуу жолу менен жасалуучу нотариалдык иш- аракеттерден 231 сом, нотариалдык катуу көзөмөлдөгү жана жөнөкөй бланкаларды иштетүүдөн 1005 сом акча каражаты алынды.

Жалпысынан, мамлекеттик нотариустар тарабынан казынага бардыгы болуп отчеттук мезгил ичинде 4.101.036 сом накталай акча каражаты түшкөн. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча 2015-жылдын 1-жарым жылы ичинде, Кыргыз Республикасынын “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө” мыйзамын талаптарын аткаруу боюнча, аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрү болгон арыз ээлеринин мыйзамдуу укуктарын коргоо үчүн адвокаттардын дайындоо тууралуу Координатор тарабынан 432 чечим чыгарылган. Адвокаттар, жарандарга отчеттук мезгил ичинде 1.019.830 сомдук кызмат көрсөтүштү.

Жарандарга жана юридикалык жактарга акысыз юридикалык кеңеш берүү борбору боюнча айта турган болсок, жарандарга калктын аярлуу катмарына, майыптарга, улгайган жарандарга акысыз түрдө юридикалык кеңештер берүү жана көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жардам берүү максатында Юстиция башкармалыгында түзүлгөн адвокаттардан, нотариустардан жана аппарат кызматкерлеринен турган топ өз ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз жүргүзүп келүүдө, атайын бөлмө ажыратылып, тийиштүү жабдыктар менен жабдылган. Өткөн 2014-жылдын 1-жарым жылдыгына салыштырмалуу суроо -талаптардын көбөйүүсүнүн негизинде юридикалык жардам алуучулардын саны 78 кишиге көбөйгөн. Бул көрүнүш жылдан жылга өсүп келүүдө. Себеби, юридикалык акысыз жардам көргөзүү боюнча элге кененирээк маалымат жеткирүүнүн негизинде суроо талап көбөйүүдө.

Жарандарга жана юридикалык жактарга юридикалык акысыз кеңеш берүү боюнча алсак, жардам алган адамдардын социалдык абалы: 43 пенсионер, 9 майып, 11 Баатыр эне, 228 жөнөкөй жаран.

Юстиция башкармалыгы тарабынан 2015-жылдын I жарым жылдыгы ичинде бардыгы болуп 1446 юридикалык жак каттоодон, кайра каттоодон, филиалдар, өкүлчүлүктөр эсептик каттоодон өттү жана жоюлуу фактысы күбөлөндүрүлдү. Ошондой эле юридикалык жактардын уюштуруу документтерине өзгөртүү жана кошумчалар киргизилип, каттоого алынды.

Юридикалык жактарды каттоодо, алардын уюштуруу документтери Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзам актыларынын негизинде укуктук экспертизадан өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде уюштуруу документтеринин мазмуну мыйзамдарга дал келбеген учурларда каттоодон баш тартуу буйруктары чыгарылды.

Юридикалык жактарды каттоо боюнча маалыматтар Юстиция министрлигине жана тиешелүү мамлекеттик органдарга өз мөөнөттөрүндө жөнөтүлүп, тиешелүү наряддар жүргүзүлдү жана юридикалык жактардын уюштуруу документтеринин топтому өз тартибинде архивке тапшырылды.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 28-декабрь 2006-жылкы № 213- мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында маалыматка жеткиликтүүлүктү уюштуруу үчүн тийиштүү иш -чаралар алып барылууда.

Кайрылган, мамлекеттик органдарды, жарандарды жана юридикалык жактарды маалымат менен камсыз кылуу мыйзамда белгиленген мөөнөттө кечиктирилбестен өз убагында берилип, берилген маалыматтардын толуктугуна жана аныктыгына нааразы болгондор болгон жок.

Башкармалыктын аталышы, почта дареги, телефон номери жана факс номери, электрондук почта дареги, ишеним телефону жана башка маалыматтар имараттын көрүнүктүү жерине илинген.Башкармалык, жалпыга жеткирүүгө милдеттүү болгон расмий документтердин реестрин жүргүзөт. Юстиция башкармалыгы өзүнүн аткарган иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча ай сайын Юстиция министрлигине жалпыланган маалыматты берип келет.

2015-жылдын I жарым жылдын ичинде, башкармалык тарабынан администрациялык укук бузуулар боюнча материалдар каралган жок.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин 18.10.2010-жылдагы № 146-буйругу менен бекитилген 2010-2015-жылдагы Укукту жайылтуу Концепциясынын иш планын аткаруу максатында Юстиция башкармалыгы, Ош шаарынын шаардык Кеңеши жана мэриясы менен ошондой эле облустун аймагында жайгашкан бардык айыл өкмөттөрү, айылдык Кеңештер, район тибиндеги шаарлар менен Укуктук жардам берүү, ЧУА кабыл алуу жана укукту жайылтуу максатында биргеликте кызматашуу үчүн түзүлгөн Меморандумдун алкагында тийиштүү иш-чараларды аткарып келүүдө.

“Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” КР мыйзамынын негизинде Юстиция башкармалыгы үзгүлтүксүз усулдук жардамдарды берип, башка мыйзамдарга карама-каршы келген нормаларды жоюуда өзүнүн салымын кошуп, жардам берип турат.

Ошондой эле, өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уюшулган аймактагы саясий, маданий жана башка массалык иштерге Юстиция башкармалыгынын кызматкерлери активдүү катышып келет.

Келип түшкөн каттар өз убагында жетекчилик тарабынан каралып, аткаруучуларга тапшырылып, каттар боюнча тийиштүү чаралар көрүлдү.

Ал эми, чыгыштоо корреспонденцияларын каттоочу китепте бардыгы болуп 1873 ар түрдүү иш кагаздары чыгышталып, тийиштүү даректерге өз убагында жөнөтүлгөн.

2015-жылдын 1-жарым жылдыгында жалпы арыздардын ичинен 1 арыз адвокаттардын үстүнөн, 2 арыз мамл.нотариустардын үстүнөн, 2 арыз жеке нотариустун үстүнөн жазылган арыз болду. Арыздардын бардыгы мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө чечилип, мөөнөтү бузулуп чечилгендери жана жоопко канааттанышпай кайрадан арыз менен кайрылышкандар болгон жок.

Мындан сырткары, отчеттук мезгилде 97 жаран башкармалыктын жетекчилеринин жеке кабыл алуусунда болушкан жана өздөрүнүн суроолоруна тиешелүү жоопторду алышкан

Кадр иштери, иш кагаздары менен иш алып баруу, арыздар менен иштоо тууралуу маалыматтар өз убагында Юстиция министрлигине жөнөтүлүүдө.

Ош облсунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгында кызматкерлерге бардык шарттар түзүлгөн. Ар бир кызматкер компьютердик техникалар жана офистик эмеректер менен камсыз болгон.

Башкармалык ИНТЕРНЕТ системасына туташтырылып, Юстиция министрлиги жана башка мамлекеттик мекеме-ишканалар менен маалымат алуу жагы жөнгө салынган. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын топтому ТОКТОМ системасы аркылуу өз убагында жаңыланып турат.

Юстиция башкармалыгынын кызматкерлери 2015-жылдын 1-жарым жылдыгында административдик жазага тартылган фактылар болгон жок.

Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы жана мамлекеттик нотариустардын жүргүзүлгөн иш-аракетине байланыштуу алынуучу төлөмдөрдүн эсебинен бардыгы болуп башкармалыктын эсебине 2015-жылдын I жарым жылдыгында бардыгы болуп 787382 сом 46 тыйын акча каражаты түшкөн.

К.Кыдыралиева, Ош жаңырыгы, 01.08.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*