Кыргызстан никесиз балдар көп төрөлөт

Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Бишкекте өткөн элеттик аялдар жыйынында айтылды. Учурда Кыргызстан  өлкө никесиз төрөлгөн балдардын саны боюнча Орто Азияда биринчи орунда турат. Андан кийин орунда ажырашуу көйгөйү турары айтылды.

Жыйында айтылгандай1990-жылдары 100 кишиге 18 ажырашуу туура келсе, азыркы тапта ар бир төртүнчү үй-бүлө ажырашууда. Мунун негизги себептери катары аялдардын зордук зомбулукка көп кабылуусу жана жашоо шартынын туруктуу эмес абалы аныкталган. Мунун алдын алуу үчүн элеттик аялдардын абалын жакшыртуу талабы айтылды.

Маалыматка ылайык, ажырашуулардын айынан балдар үй-бүлөдөн тышкары төрөлүп,коомдо жалгыз бой калган аялдардын саны көбөйүп жатканынын вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева белгиледи.

Жыйында маалым болгондой, Кыргызстанда айыл калкынын 60% аялдар түзөт. Ошол эле убакта алар жакырчылыкка көп дуушар болушат. Жумушсуздуктун айынан балдарын багууда бир гана жөлөк пул алып тиричилик кылышууда. Аялдардын түйшүгү көп болгондуктан ден-соолугунун маселеси да курч болуп турат.

Мына ушул көйгөйлөрдүн үстүндө иштөөнү өкмөт колго алганын жыйында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева кошумчалады.

“Марал ФМ”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*