Азиздер үчүн «Кыргыз тили» окуу китеби басылып чыкты

КР Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан бөлүнгөн каражатка Кыргызстанда алгачкы жолу көзү көрбөгөн жана начар көргөн окуучулар үчүн Брайлдын рельевдик-чекит тамгасы жана ири жалпак тамга менен терилген кыргыз тили боюнча окуу китеби басылып чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Депутаттын айтымында, 1991-жылдан тарта бул китеп сындуу атайлаштырылган окуу китептери келбей калгандыктан, мугалимдер совет мезгилинде басылган китептерди аргасыз пайдаланып келген. Анын үстүнө, балдар манжасы менен сыдырып окугандыктан, китептер тез эле жарактан чыгып калат.

Эл өкүлү кыргыз тилиндеги окуу китебинин жоктугу көп түйшүктөрдү жаратканын айтат. «Китепканаларда башка сабактар боюнча эски китептер бар болсо, «Кыргыз тили» боюнча китеп болгон эмес. Аны мугалимдердин айтканы боюнча гана жазып алчубуз. Ошондон улам, атайлаштырылган мектептер ушул кезге чейин кыргыз тили жаатында кыйналып келди. Мен президентке кайрылсам, ал 1-11-класстар үчүн окуу китебин чыгарууга каражат бөлүп берди.», – дейт Д.Бекешев.

Жалпысынан 795 миӊ сомго 600 брайл тому жана ири тамгалуу 325 том китеп басылып чыкты. Ал Бишкек жана Ош шаарларындагы көзү көрбөгөн жана начар көргөн окуучуларга арналган эки мектепти толук камсыз кылат.

«Мен президент Алмазбек Атамбаевге окуучуларга колдоо көрсөткөнү үчүн чоӊ ыраазычылык билдирем. Мындай окуу китептеринин чыгышы көзү көрбөгөн жана начар көргөн окуучулар үчүн чынында эле тарыхый окуя болуп калды. Буюрса, окуучулар мындан ары кыргыз тилин кыйла жакшы өздөштүрө баштайт деген ойдомун», – дейт Д.Бекешев.

“Марал” радиосу

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*