Пайдалуу контактылар

Биздин ар бирибиз үй-бүлөлүк зомбулукту токтото алабыз!

 Сизге жардам беришет:

Ички иштер органдары: 

  • ар бир адамдын билдирүүсү боюнча (тууганынын, кошунасынын, күбөнүн, медициналык кызматкердин, квартал жетекчисинин, үй комитетинин ж.б.) кабыл алат, арызды каттайт жана жабырлануучуну кайтаруучу менен камсыз кылат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргойт;
  • жабырлануучуга жана зомбулукту кылган адамга 3 күнгө чейин кайтаруу ордерин берет жана анын шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөйт; жабырлануучу жарандын арызы боюнча кайтаруу ордеринин мөөнөтүн 30 күнгө узартат;
  • жабырлануучуну жардам берүү кызматтары менен камсыз кылат жана анын макулдугу менен жардам алууга жөнөтөт;
  • жабырлануучунун макулдугу менен үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жумушуна чара көрүү үчүн маалымат жөнөтөт, ошондой эле мындай маалыматты социалдык органдарга жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына жөнөтүшөт.

 

Соттор жарандык сот өндүрүшүнүн негизинде төмөнкү даттануу арыздарын карашат:

  • бирге чогуу жашаган турак-жайдан үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жаранды убактылуу чыгаруу талабы жөнүндө;
  • өспүрүм балдар менен байланыштуу иштерде ата-энелик укугун чектөө жөнүндө;
  • үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жаранды жарандык мыйзамга ылайык кыймыл-аракети чектелген жаран катары таануу жөнүндө;

 

Прокуратура органдары:

  • үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, ден-соолугунун абалы, жаш-курагы боюнча, же башка себептерден улам сотто өз укуктарын жана эркиндиктерин өзү коргой албаган адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында сотко кайрылат;

Саламаттыкты сактоо органдары (ФАП, ҮМБ, ооруканалар):

  • медициналык жардам көрсөтөт;
  • жабырлануучулардын кайрылуулары жана аларга медициналык жардам көрсөтүү фактылары жөнүндө алардын макулдугу менен, кайрылган учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде ички иштер органдарына кабарлайт.
  • зомбулук\кыйноолор жана орой мамиле жасалгандыгы боюнча кайрылганда (келип түшкөн учурда) медициналык текшерүү формасы боюнча зомбулуктун зыяндарын документтештирет, булар болсо, сотто далил катары каралат;
  • бейтапка амбулаториялык медициналык картадан же стационардык оорулуунун картасынан көчүрмөлөрдү берет.

Социалдык жактан өнүктүрүү органдары:

 

  • үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана социалдык жактан коргоо боюнча жардам көрсөтүү иштерин уюштурат;
  • үй-бүлөлүк зомбулуктун жабырлануучусунун макулдугу менен, үй-бүлөлүк зомбулуктун айкындалган фактылары жөнүндө ички иштер органдарына жыйырма төрт сааттын ичинде кабарлайт.
  • үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адамды түзөтүүчү программага жөнөтөт.

 

Билим берүү уюмдары:

  • жашы жете элек өспүрүмдөргө карата үй-бүлөлүк зомбулуктун айкындалган фактылары жөнүндө ички иштер органдарына кабарлайт;
  • ата-энелерге жана аларды алмаштыруучуларга үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербөө жана андан сактоо, коргоо чаралары жөнүндө маалымат берет;

 

Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары (мэрия, айыл өкмөттөрү):

 

  • үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо көйгөйлөрү боюнча социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурат;
  • үй-бүлөлүк зомбулукту жасоо коркунучу бар экендиги жөнүндө ички иштер органдарына маалымдайт;
  • ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулуктун жабырлануучусун тезинен коопсуз жайга жайгаштыруу үчүн ички иштер органдарына жардам көрсөтөт;

 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы:

  • үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча аракетсиздиги (аракети) үчүн тиешелүү кызматкерди тартиптик же администрациялык кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сотко же прокуратура органдарына кайрылат;

Аксакалдар  соттору:

  • аксакалдар соттору үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан иштерди аксакалдар соттору жөнүндө мыйзамда каралган тартипте карайт жана чечет;
  • үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга коомдук жазалоо чечимин чыгарат;

 

Кризистик борборлор:

  • үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө социалдык, укуктук, юридикалык, психологиялык жана башка колдоолор менен жардамдарды көрсөтөт.

Декабрь, 2017 жыл

Ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн телефондору

Бишкек шаарынын ШИИБи (0312)43-71-75
Чүй облусунун ИИБи (0312)43-88-85
Чүй облусунун ИИБи (03222)5-59-10
Талас облусунун ИИБи (03422)5-29-98
Ысык-Көл облусунун ИИБи (03922)5-24-14
Жалал-Абад облусунун ИИБи (03722)5-66-66
Нарын облусунун ИИБи (03522)5-09-21
Баткен облусунун ИИБи (03622)5-00-15
КРнын ИИМнин нөөмөт бөлүмү (0312)66-23-31
КРнын ИИМнин Коомдук коопсуздук боюнча
башкы башкармалыгы
(0312)26-62-97
КРнын ИИМнин ишеним телефону (0312)26-64-18

 

Күнү-түнү иштеген акысыз түз байланыш телефондору:

Балдар үчүн ишеним телефону 111
«112-системасы» 112
Бишкек ш. зомбулуктан жана орой мамиледен
жабыр тарткан балдарга жардам берүү борбору
(0312) 442510
(0312) 542934
КРнын Акыйкатчысынын түз байланыш теле
фону (жумуш убактыларында)
115

Кризистик борборлордун телефондору

«ШАНС» КБ, Бишкек ш. (0312) 43-53-01; (0773) 64-72-30
«Мээрбан» КБ КБ, Ош ш. (03222) 4-96-74; (0779) 23-13-28
«Ак-жүрөк» КБ, Ош ш. (03222) 4-59-76; (0779) 23-13-29
«Каниет» КБ, Жалалабад ш. (03722) 4-50-84; (0779) 23-13-32
«Аруулан» КБ, Ош ш. (03222) 5-26-08; (0779) 23-13-27
«Алтынай» КБ, Чолпон-Ата ш. (03943) 6-26-69; (03943) 6-26-69
«Акылкарачач» КБ, Алай району. Гүлчө айылы (03234) 5-12-84; (03234) 5-08-17
«Даршайым» КБ, Бишкек ш. (0312) 93-49-20; (0555) 11-96-11
«Жаӊңыл Мырза» КБ, Баткен ш. (03622) 5-07-99; (03622) 6-01-03
«Маана» КБ, Талас ш. (03422) 5-58-85
«Теӊңдеш» КБ, Нарын ш. (03522) 5-02-70
«Энсан-Диамонд» КБ, Ош ш. (03222) 2-29-65
Аялдардын демилелерин өнүктүрүү «Аялзат»,
Каракол ш.
(03922) 5-10-91

«Сезим» кризисный психологический центр для женщин и семьи
г. Бишкек, +996 (0312) 51 26 40
Эл. почта: sezim2008@gmail.com
Сфера деятельности:
* Круглосуточный телефон доверия;
* Убежище для женщин;
* Прием пострадавших от семейного насилия (прием с детьми не новорожденными);
* Консультации психолог, юриста, терапевт;
* Информационно — образовательная работа с населением.

 

Социалдык мекемелер дареги:

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*