“Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзам

2008-жылдын 3-апрели № 38

(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Ушул Мыйзам ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата Кыргыз Республикасынын бардык башка жарандары менен бирдей укуктарды жана эркиндиктерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, алардын жашоо турмушундагы чектөөлөрдү четтетүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын толук кандуу жашашына, коомдук, экономикалык, саясый жана маданий турмушка жигердүү катышууларына, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары тууралу декларацияда, Кыргыз Республикасынын Конституциясында, эларалык укуктун жалпы кабыл алынган принциптеринде жана ченемдеринде, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эларалык келишимдерде каралган өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткарууларына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатындагы мамлекеттик саясатты аныктайт.

 

1 глава
Жалпы жоболор

1-берене. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар

Кемсинтип бөлүү – башка адамдарга салыштырганда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын чектөө, бирдей укукту ишке ашырууну четке кагуучу же басмырлоочу ар кандай айырмачылык, жеңилдик же артыкчылык;

инфраструктурага жетүү – инфраструктуранын объектилеринде атайын аспаптарды (пандустарды, кармагычтарды жана башкаларды) орнотуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын аларды тоскоолдуксуз пайдаланышы үчүн шарттарды түзүү;

майыптык – адамдын эмгектенүү жөндөмдүүлүгүн толук же бир топ жоготууга алып келүүчү же организмдин функцияларынын мурдагы калыбына келбей өтө бузулушу менен адамдын ден соолугунун начарлашы. Организмдин функцияларынын өтө бузулушуна байланыштуу жашоо турмушунун өзгөрүү даражасына карата I, II жана III топтогу майыптык, 18 жашка чыга элек балдарга “майып-бала” категориясы белгиленет;

реабилитациянын жекече программасы – иштин белгилүү бир түрүн аткарууга карата ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жөндөмдүүлүктөрүн, организмдин жоготулган же жабыр тарткан функцияларын компенсациялоого, калыбына келтирүүгө багытталган социалдык жардамдын түрлөрүн жана реабилитациялык ишчараларды жүзөгө ашыруунун тартибин, айрым түрлөрүн, формасын, көлөмүн, мөөнөтүн камтыган, реабилитациялоочу оптималдуу ишчаралардын комплекси;

инфраструктура – турак-жай жана өндүрүш имараттарынын, курулмалардын жана жайлардын, эс алуу жайларынын жана маданий-оюнзоок мекемелеринин комплекси;

квоталоо – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук иштин айрым чөйрөлөрүнө милдеттүү түрдө катышуусуна жана аларга социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында нормаларды белгилөө;

ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам – дартка чалдыгуу, жашоо тиричилигинин чектелишине алып келүүчү травманын же дефекттердин кесепеттери менен шартталган жана анын социалдык жактан коргоого алынууга муктаж кылган организмдин функцияларынын олуттуу жабыркашынан ден соолугунан ажыраган адам;

медициналык реабилитация – органдардын бузулган функцияларын калыбына келтирүүгө, аларды компенсациялоого же алмаштырууга, ошондой эле дарттын күчөп кетишин токтотууга багытталган жекече медициналык, дарылоо-диагностикалык, санаториялык-курорттук жана медициналык-социалдык чаралардын комплекси;

медициналык-социалдык экспертиза – жарандардын эмгектенүү жөндөмдүүлүгүн, анын ичинде кесиптик ишке жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасын, майыптыктын себептерин жана топторун белгилөө (аныктоо), ошондой эле жарандарды социалдык жактан коргоо жана реабилитациялоо чараларын көрүү процесси (жол-жобосу);

билим берүү реабилитациясы – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын зарыл түрдөгү жалпы билим алуусунун, ден соолугуна байланыштуу зарылчылык болгондо, атайын же кошумча билим алуусун, жаңы кесипке ээ болуш үчүн кесиптик кайра даярдоодон өтүү процесстерин өзүнө камтыган иш чаралардын комплекси;

жашоо тиричилигинин чектелиши – адамдын өзүн өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүн же өз алдынча жылып жүрүшүн, багыт алуусун, баарлашуусун, өзүнүн жүрүм-турумун көзөмөлдөй алышын, окуганды жана эмгектене билүүсүн толук же жарым-жартылай жоготушу;

педагогикалык реабилитация – аң-сезимдүү жүрүм-турум, өзүн өзү тейлөө, мектептен билим алуу үчүн зарыл билимдерге ээ болууларына мүмкүндүк бере турган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды тарбиялоочу жана окутуп-үйрөтүүчү иш чаралардын комплекси;

психологиялык реабилитация – алдыдагы турмушунда коркунучту жеңүүгө, “майып” деген социалдык-психологиялык комплексти жоюуга, жигердүү инсандык өз көзкарашын бекемдөөгө багытталган иш чаралардын комплекси;

реабилитациялык борбор – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган уюштуруу-укуктук формада түзүлгөн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоону жана жумуштуулуктун атайын түрлөрүн уюштурууну ишке ашырган юридикалык жак;

социалдык реабилитация – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын организминин бузулган функцияларын калыбына келтирүүгө же ден соолугу чектелүү адамдардын организминин бузулган функцияларын компенсациялоого жана алардын кадимки жашоо тиричилигине ылайыкташтырууга (адаптация) багытталган уюштуруу, экономикалык, шаар куруу жана башка реабилитациялык иш-чаралардын комплекси;

социалдык-чөйрө реабилитациясы – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга турмуш тиричилик иштерин жана санитардык-гигиеналык иш чараларын, ошондой эле турак-жайды аталган нерселерди пайдалана билүүгө үйрөтүүнү камсыз кылган буюм-тайымдар менен жабдуу боюнча иш чаралардын комплекси;

социалдык-эмгек реабилитациясы – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын муктаждыктарына өндүрүштүк чөйрөнү ылайыкташтыруу, өндүрүштүн талаптарына алардын көнүшү;

социалдык-маданий реабилитация – ар кандай маалыматтарга, социалдык-маданий жактан тейленишине, чыгармачылыктын жетиштүү түрлөрүнө жараша ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган иш чаралардын комплекси;

социалдык кызматкер – жалгызбой кары-картаң жарандарга жана майыптарга үйүндө социалдык жактан ар тараптуу жардам көрсөтүү милдетин аткарган социалдык жактан коргоо уюмунун аймактык органынын кызматкери;

атайын адабияттар – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар колдоно турган мүмкүнчүлүктү эске алуу менен даярдалган басма түрүндөгү чыгармалар;

адистештирилген стационардык мекемелер – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын убактылуу жашоо жана жекече реабилитация программасына ылайык керектүү медициналык жардам көрсөтүүчү мамлекеттик же менчик мекемелер (интернат үйлөрү);

атайын транспорт – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын пайдаланышы жана ага ээ болушу үчүн атайын транспорт каражаттарынын ар кандай түрлөрү;

жумуштуулуктун атайын түрү – акыл-эс жана психика жагынан өсүүдөн жабыркаган адамдар үчүн жумуштун артыкчылыкка ээ болгон операциялык ыкмасын пайдалануу менен жумуш орундарын түзүүчү жана эмгек ыкмаларына окутуп-үйрөтүүчү уюм.

 

2-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата мамлекеттик саясаттын негизги принциптери

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата адамдын жана жарандын укуктарын сактоо;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондугу үчүн кемсинтип бөлүүгө жол бербөө;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын мамлекет тарабынан социалдык жактан коргоого алынышына кепил болуу;

– социалдык жөлөкпулдарды, компенсацияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, майыптык категорияларын жана топторун алууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын социалдык абалынын төмөндөп кетишине жол бербөө;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жеке муктаждыктарына карата социалдык жактан корголушуна багыт берүү;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ден соолугун реабилитациялоону жана коргоону Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-социалдык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялардын колдонуудагы программасына ылайык камсыз кылуу;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын билимге, маалымат алууга, ишкердүүлүктүн, анын ичинде эмгек түрүн эркин тандоосуна жетишин жана бирдей укуктуулугун камсыз кылуу;

– мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын, алардын кызмат адамдарынын, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын бузган жарандардын жоопкерчилиги;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын (реабилитациялоо борборлорунун) кызматташуу жана колдоо көрсөтүү.

(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-берене. Жаңсоо тили

Кыргыз Республикасында жаңсоо тили инсандар ортосундагы байланыш каражаты катары таанылат жана колдоого алынат, ошондой эле аны коомдун жашоо тиричилигинин ар түрдүү чөйрөсүндө өнүктүрүү жана колдонуу боюнча чаралар көрүлөт.

Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын коргоо үчүн зарыл болгон учурларда сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

 

4-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери тууралуу мыйзамдар

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери тууралуу мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, башка ченемдик укуктук актылардан жана белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эларалык келишимдерден турат.

 

5-берене. Эларалык келишимдердин колдонулушу

Эгерде белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эларалык келишимдерде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эларалык келишимдердин эрежелери колдонулат.

 

2-глава
Социалдык укуктар жана гарантиялар

6-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын социалдык жактан корголууга укугу

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жашаган жерине, майыптык категорияларына жана топторуна карабастан мамлекет тарабынан кепилдик берилген социалдык жөлөкпулдарды, компенсацияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын социалдык жактан корголуу укугу майыптык тобу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген учурдан тартип пайда болот.

(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-берене. Социалдык коргоонун түрлөрү

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык жактан коргоо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдун турмушуна бирдей катышуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган социалдык жактан жардам берүү менен камсыз кылынат. Мамлекет тарабынан социалдык жактан коргоонун төмөнкүдөй түрлөрүнө кепилдик берилет:

– (2-абзац КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

– пенсияларга, социалдык жөлөкпулдарга жана компенсацияларга;

– социалдык-тиричилик жактан тейлөөгө;

– үйүндө тейлөөгө;

– стационардык мекемелерде тейлөөгө;

– техникалык жана атайын каражаттарды берүүгө;

– реабилитациянын бардык түрлөрүнө;

– кошумча социалдык кепилдиктерге.

(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

8-берене. Социалдык гарантиялар

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө төмөнкүдөй жеңилдиктер берилет:

– Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө;

– протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.

(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

9-берене. Пенсиялар, жөлөкпулдар жана компенсациялар

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана алардын эмгекке жарамсыз үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле өзүнүн курамында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдары бар үй-бүлөлөргө берилүүчү социалдык жардам пенсияларды, мамлекеттик жөлөкпулдар жана компенсациялар түрүндөгү төлөмдөрдү кошот. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген пенсияларды, мамлекеттик жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөө кепилдиги берилет.

 

10-берене. Социалдык-тиричилик жактан тейлөө

Керек болгон учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жалгызбой адамдарга жашаган жеринде материалдык-тиричилик жактан кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде тамак-аш жана өнөр жай товарларын жеткирип берүү, тамактануусун, тиричилигин жана бош убактыларын уюштуруу боюнча тейлөө кызматтары көрсөтүлөт.

Мамлекет бул категориядагы жарандарга социалдык жактан кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик системасындагы социалдык-тиричилик жактан акысыз тейлөөнү жүргүзүүгө болгон алардын укугуна кепилдик берет.

 

11-берене. Үйүнө барып тейлөө

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жалгызбой жашаган жана башка бирөөнүн кароосуна жана жардамына муктаж болгон адамдарга үйүнө барып, социалдык жактан тейлөө кызматы көрсөтүлөт.

Үйүнө барып тейлөө социалдык жактан коргоо кызматынын кызматкерлери (социалдык кызматкерлер) тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

12-берене. Атайын стационардык мекемелерде тейлөө

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, жарым-жартылай же өзүн өзү тейлөө мүмкүнчүлүгүн толук жоготкон жана дайыма башка бирөөнүн кароосуна муктаж болушкан адамдарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын адистештирилген стационардык мекемелеринде тейлөө боюнча кызматтар көрсөтүлөт.

Адистештирилген стационардык мекемелерде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга социалдык жактан көрсөтүлгөн тейлөөлөр менен катар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-социалдык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик түзүү жеңилдиктердин программасына ылайык жашоо тиричилигинин тиешелүү шарттарын түзүү, медициналык кызмат көрсөтүү, ошондой эле эмгектенүүсүн, эс алуусун жана бош убактысын уюштуруу камсыз кылынат.

 

13-берене. Техникалык жана атайын каражаттарды берүү

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жекече реабилитациялоо программасына ылайык протез ортопедиялык жардам менен, техникалык көмөкчү каражаттар жана башка адистештирилген каражаттар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыз болушат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, таяныч кыймылдоо аппараты жабыркаган адамдарга кыймылдап-жылып туруу үчүн керектүү техникалык каражат берилет.

Эгерде жекече реабилитация программасында каралган техникалык каражатты ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам өз каражатына сатып алган болсо, анда ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган техникалык каражаттын наркынын өлчөмүндөгү компенсация төлөнүп берилет.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилүүчү техникалык каражаттардын тизмесин жана алардын наркынын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

Жумуш берүүчүнүн (уюмдун, ишкананын менчигинин түрүнө карабастан) күнөөсү боюнча эмгек жаратын алган же кесиптик дартка чалдыккан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар медициналык көрсөтмөлөргө ылайык техникалык жана атайын каражаттар менен жумуш берүүчүнүн каражатынын эсебинен камсыз кылынат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын тарбияланышын жана окуусун ишке ашыруучу билим берүү уюмдары атайын ариптер менен даярдалган басылмалар, үндү күчөтүп угузуучу аппаратура жана сигнализаторлор менен мамлекет тарабынан камсыз кылынат.

 

14-берене. Кошумча социалдык гарантиялар

Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга кошумча социалдык кепилдиктерди жергиликтүү бюджеттин эсебинен белгилөөгө укуктуу.

(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-глава
Саясый укуктар жана кепилдиктер

15-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын шайлоого карата укуктары

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, башка жарандар менен катар эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого, ошондой эле конституциялык мыйзамда каралган тартипте референдумга катышууга укуктуу.

 

16-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын биригүүгө болгон укуктары

Өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, өзара колдоо жана кызмат көрсөтүү максатында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана алардын өкүлдөрү болушкан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук уюмдарды түзүүгө укуктуу.

 

17-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын митингдерге жана демонстрацияларга чыгууга болгон укуктары

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана алардын бирикмелери менен уюмдары тынчтык жолу менен, куралсыз чогулууга жана аларды өткөрүүнүн мыйзам менен белгиленген тартибин сактаган учурда чогулуштарды, митингдерди, жүрүштөрдү, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө укуктуу.

 

18-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын мамлекеттик башкарууга катышуусу

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формаларда мамлекеттик башкарууга катышууга укуктуу.

 

19-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу таламдарын коргоого болгон укуктары

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу таламдарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сот же башка тартипте мамлекет тарабынан камсыз кылынат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын бузууга күнөөлүү болгон кызмат адамдары жана башка жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартышат.

Материалдык каражаты болбосо жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын өтүнүчү боюнча мамлекет ага акысыз юридикалык жардам берүүнү камсыз кылат.

 

20-берене. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына кайрылуу укугу

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жеке жана жамааттык кайрылуулар менен мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу, алар өз компетенциясынын чегинде бул кайрылууларды караганга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жүйөлүү жооп берүүгө милдеттүү.

 

4-глава
Ден соолукту коргоо жана медициналык-санитарлык жардам

21-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ден соолугун коргоо кепилдиктери

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар ден соолукту коргоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык ден соолугун коргоого, майыптыктын алдын алууга, медициналык-санитардык жардам алганга, реабилитацияга, дары-дармек, протез-ортопедиялык жабдыктар жана кыймылдап-жылып турууга жекече каражаттар менен камсыз болууга укуктуу.

 

22-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга медициналык-санитардык жактан жардам берүү милдеттери

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга медициналык-санитардык жактан жардам берүү милдеттери Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөрдөн:

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын ден соолугунун абалын колдоодон;

– анын начарлап кетишине жол бербөөдөн;

– жекече реабилитация программасын эске алуу менен квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүдөн;

– майыптыгынын алдын алуудан жана болтурбоодон;

– эрте жасалуучу диагностика жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгүнүн чектелишине себепкер болуп саналган дарттарды өз убагында табуудан турат.

 

23-берене. Медициналык жардамдын түрлөрү

Саламаттык сактоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекет тарабынан медициналык-санитардык жардамдын төмөнкүдөй түрлөрүнө:

– алгачкы медициналык-санитардык жардамга;

– адистештирилген медициналык жардамга;

– медициналык-санитардык жардамга;

– медициналык реабилитациялоого;

– медициналык экспертизага кепилдик берилет.

 

24-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга медициналык-санитардык жардам

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга үйүндө жана саламаттык сактоонун медициналык стационардык дарылоо-профилактикалык уюмдарында медициналык-санитардык жардам берүү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагынан мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык жүргүзүлөт.

Үйүнө барып медициналык-санитардык жардам берүү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жашаган жердеги тиешелүү медициналык уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.

Үйүнө барып медициналык-санитардык жардам берүү, стационардык мекемеде жатып дарыланууну талап кылбаган жана дарылаган дарыгердин тиешелүү корутундусунун негизинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата көрсөтүлөт.

Дарылоо-профилактикалык медициналык стационардык уюмдарда медициналык жардам менен катар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар ар бир стационардык мекеменин объективдүү мүмкүнчүлүктөрүнө жараша убактылуу келип туруусу үчүн зарыл шарттар менен камсыз болууга тийиш.

 

25-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды санаториялык-курорттук дарылоо

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды санаториялык-курорттук дарылоо социалдык жактан коргоо органдары тарабынан билдирүүчүнүн жашаган жеринен төмөнкүдөй өлчөмдө камсыз кылынат:

– 1-топтогу майыптарга – 5 жылда бир жолу акысыз, медициналык көрсөт күчтөрдүн негизинде 1-топтогу майыпты узатып жүргөн адамга 50 пайыздык жеңилдик менен;

– 2-топтогу майыптарга – беш жылда бир жолу 50 пайыздык жеңилдик;

– 3-топтогу майыптарга – беш жылда бир жолу 30 пайыздык жеңилдик.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын санаториялык-курорттук дарылануусуна жолдомолор республикалык бюджеттин каражаттарынан берилет.

 

26-берене. Майыптыкты профилактикалоо жана алдын алуу

Майыптыкты профилактикалоо жана алдын алуу максатында мамлекет жугушсуз ооруларга каршы күрөшүүнүн Европалык стратегиясын ишке ашыруу боюнча Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун ишаракеттеринин бекитилген планына ылайык адамдардын жашоо-шартынын сапатын жакшыртуу, дарттын кабылдап кетишинин факторлорун азайтуу боюнча сектор аралык чаралар менен камсыз кылып, бакыбат жашоонун күтүлүп жаткан көрсөткүчүн, майыптыктын себептеринин биринен болуп саналган эрте жасалуучу диагностиканы көбөйтүү, дене, акыл-эс, психика жагындагы жана башка жетишпегендиктердин пайда болушунун жана алардын организмдин функцияларын дайыма чектеп турушуна өтүп кетишинин алдын алуу боюнча чара көрүүгө тийиш. Мамлекет ден соолукту коргоо, жашоо чөйрөсүн экологиялык жактан жакшыртуу, куунак жашоону калыптандыруу, эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу, өндүрүштөгү жабыркоого жол бербөө, кесиптик дартка чалдыгууну азайтуу боюнча иш чараларды жүзөгө ашырат.

Майыптыкты профилактикалоо жана алдын алуу мамлекеттик органдар тарабынан, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, жеке жана юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат.

 

5-глава
Эмгекти коргоо жана эмгектенүү

27-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгектенүүсүнүн кепилдиктери

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар эмгектенишин майыптык категорияларына жана тобуна карабастан ишке ашырууга укуктуу.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жекече реабилитациялоо программасын эске алуу менен шарты бар өндүрүштө, адистештирилген уюмдарда, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгегинен пайдалануучу цехтерде жана участоктордо иштөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жеке ишкерлик менен иштөө укугу менен камсыз кылынат.

Жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызмат жактан жөнөтүлгөн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жумуш берүүчү жумуш ордуна белгиленген квотанын эсебинен ишке алууга милдеттүү.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жумушка кабыл алганда аларга сыноо мөөнөтү белгиленбейт.

 

28-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын түзүү жана квоталоо

Жумуш берүүчүлөр белгиленген квотаны эске алуу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу үчүн жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү.

Жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызмат органдары коомдук уюмдардын катышуусу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн иштеп жаткандардын санынан (эгерде иштеп жаткандардын саны 20 кишиден кем эмес болсо) 5 пайыздан кем эмес өлчөмдөгү жумуш орундарын квоталоо боюнча нормативдерди иштеп чыгышат, ал эми жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аны бекитишет. Мында бул нормативдин эсебинен толук эмес жумуш убактысынын шарттарында жумуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо нормативи жумуш берүүчүлөргө жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызмат органдары тарабынан кезектеги календардык жыл башталганга чейин 3 айдан кечиктирбей жеткирилиши керек.

 

29-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызмат органдары тарабынан камсыз кылынат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды атайын түзүлгөн же квоталанган жумуш ордуна ишке кабыл алуу тууралуу алардын жолдомосу жумуш берүүчүнүн аткарышы үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды мамлекеттик кызмат органдарынын жолдомосу боюнча жумушка алуудан негизсиз баш тарткан учурда жумуш берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

 

30-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгек шарттары

Иштеп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жумуш берүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген жекече реабилитациялоо программасына ылайык, анын ичинде аларды өндүрүштө кесипке үйрөтүү жана үй шартында аткарылуучу эмгекти уюштуруу аркылуу эмгек шарттарын түзүүгө милдеттүү.

Башка кызматкерлерге салыштырганда, макулдашуулар менен жамааттык келишимде, эмгек келишиминде белгиленүүчү эмгек шарттары, анын ичинде акы төлөө, жумуш убактысынын режими жана эс алуу убактысы, жыл сайынкы өргүүнүн узактыгы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын абалын начарлатууга же укуктарын чектөөгө тийиш эмес.

I жана II топтогу денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жумуш убактысынын узактыгын кыскартуу – жумасына 36 сааттан көп эмес же кызматкер менен макулдашуу боюнча башка режим белгиленет. Мында I жана II топтогу денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын ар күндүк жумуш убактысынын узактыгы 7 сааттан ашпашы керек. Жумуш убактысынын суммаланган эсебин колдонгонго болбойт.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды белгилүү убакыттан ашык иштетүүгө, демалыш күндөрүндө жана түнкүсүн жумушка тартуу алардын макулдугу менен жана мындай жумушка медициналык корутундуда тыюу салынбаган шартта гана жол берилет.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишсапарына жөнөтүү алардын макулдугу менен гана жүргүзүлөт.

Жумуш берүүчү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жумуш аткаруу нормаларын алардын ден соолугунун абалына карата азайтканга укуктуу.

Тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын толук эмес жумуш убактысынын режими, аткара турган жумуштун көлөмүн азайтуу жана иштеп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын башка эмгек шарттары жөнүндөгү корутундусу жумуш берүүчүнүн аткарышы үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

 

31-берене. Эмгек майыптыгы менен байланышкан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгектениши

Ошол уюмдан эмгек мертинүүсүнүн кесепетинен майыптык алышкан же кесиптик дартка чалдыккан кызматкерлер үчүн жумуш берүүчүлөр жаңы жумуш орундарын бөлүүгө же түзүүгө милдеттүү.

Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган талаптарды аткарбай, бул кызматкерлер менен эмгек келишимин токтоткон учурда жумуш берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

Пенсияга чыкканга чейин жумуш берүүчүдө иштеген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар башка кызматкерлердей эле жамааттык келишимдерде, макулдашууларда каралган медициналык жактан тейлөөгө, турак-жай менен камсыз болууга, ден соолукту чыңдоочу жана профилактикалык мекемелерге жолдомо алууга, ошондой эле социалдык жактан башка тейлөөлөрдөн жана жеңилдиктерден пайдалануу жагындагы колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануу укугун сактап калышат.

Жумуш берүүчү өзүнүн каражаттарынын эсебинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, бирөөнүн жардамына муктаж болгон жалгызбойлордун пенсияларына кошуп берүүгө жана кошумча төлөөгө, ошондой эле жамааттык келишимдерде, макулдашууларда каралган дагы башка жеңилдиктерди берүүгө укуктуу.

 

32-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ишкердик иштери

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар юридикалык жакты түзүү аркылуу жана түзбөстөн ишкердик менен алектенүүгө укуктуу.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жекече эмгектенген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга аталган иш үчүн турак жай эмес жайларды берүү, сырьену алуу жана продукцияны сатуу жагынан зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө милдеттүү.

Ишкердик иш менен алектенген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган жеңилдиктерден пайдаланганга укуктуу.

 

6-глава
Коомго маданий билим берүү жагынан интеграциялоо

33-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын билим алууга жетишүүсүн жана кесиптик жактан даярдалышын камсыз кылуу

Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын маалымат, билим алышы жана кесиптик жактан даярдалышы үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү кепилдигин берет.

Билим берүү мекемелери социалдык жактан коргоо органдары жана саламаттык сактоо органдары менен бирдикте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын мектепке чейин, мектептен тышкары тарбияланышын жана билим алышын, жалпы орго, башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим алышын жекече реабилитациялоо программасына ылайык камсыз кылышат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана алардын балдарын мамлекеттик билим берүү мекемелеринде тарбиялоо, окутуу акысыз жана жаш курагы чектелбестен жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик эмес билим берүү мекемелери ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды окутуу үчүн төлөмдөргө жеңилдиктерди белгилөөгө укуктуу.

Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды керек болгон кесиптик жана эмгек ыкмаларына үйрөтүү максатында жекече реабилитациялоо программасына ылайык жана мамлекеттик мекемелер тарабынан кошумча билим берүү боюнча кызмат көрсөтүү мүмкүн болбосо, тиешелүү профилдеги реабилитациялык борборлордон социалдык жактан кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга укуктуу.

 

34-берене. Окутуу формалары

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга билим берүү, кесипке даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу ар кандай формаларда, анын ичинде күндүзгү, күндүзгү-сырттан жана дистанттык формаларда, экстерн менен, атайын топтордо, класстарда жана үйүндө окутууну кошуп алганда жекече окутуу пландары боюнча ишке ашырылат.

 

35-берене. Мектепке чейинки тарбия

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү мектеп жашына чейинки балдарды тарбиялоо үчүн бир кыйла ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана аларга мектепке чейинки жалпы типтеги балдар мекемелеринде керектүү реабилитациялык жардам көрсөтүү максатында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын аларга келип турушу үчүн шарттар түзүлөт.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын жалпы типтеги мектепке чейинки мекемелерге барып-келишине ден соолугу жол бербесе, мектепке чейин атайын мекемелер уюштурулат.

 

36-берене. Мектепте окутуу

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жалпы орто (толук) билим алуусу жалпы типтеги окуу жайларында, ал эми зарылчылык болгондо – атайын окуу жайларында ишке ашырылат.

Стационардык дарылоо-профилактикалык же реабилитациялоо мекемелеринде дарылоо курстарынан өтүп жатышкан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн да окутуу сабактары уюштурулат.

 

37-берене. Мектептен тышкаркы окутуу

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын ар тараптуу жана айкалыша өсүп жетилишин, аларда коомдук жигердүүлүктү, эмгекке кызыгууну тарбиялоо, илимге, техникага, искусствого, спортко тартуу максатында башка мамлекеттик органдар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга зарыл шарттарды түзүү менен мектептен тышкаркы тарбиянын жеткиликтүү болушун камсыз кылууга милдеттүү.

 

38-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим алуусу жалпы типтеги окуу жайларында, зарылчылык болгон учурда атайын окуу жайларында ишке ашырылат.

Стационардык дарылоо-профилактикалык же реабилитациялоо мекемелеринде дарылоо курстарынан өтүп жатышкан денсоолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн да окутуу сабактары уюштурулат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар кирүү экзамендерин башкалар менен бирдей шартта ийгиликтүү берген учурда башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларына өтүүдө артыкчылык укукка ээ болушат.

Билим берүү органдары социалдык жактан коргоо органдары менен бирдикте жыл сайын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик окуу жайларынын бюджеттик бөлүмдөрүнө орундарга квота коюу боюнча нормативдерди белгилешет.

 

39-берене. Үйүндө тарбиялоо жана окутуу

Жалпы типтеги билим берүү мекемелеринде же атайын билим берүү мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды окутуу жана тарбиялоо мүмкүнчүлүгү болбогон учурда жана ата-энелеринин каалоолорун эске алуу менен тарбиялоо жана окутуу өз үйүндө жүргүзүлөт.

Мында ата-энесинин бирөөсүнө же аны алмаштырган адамга материалдык жактан камсыз кылуу жана жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жана шарттарда берилет.

Билим берүүнү башкаруу органдары менен билим берүү уюмдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды жалпы билим берүү программасы же жекече программа боюнча өз үйүндө окутууну камсыз кылышат.

Тиешелүү билим берүү уюмдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын жашаган жериндеги үйүндө окутууда ата-энелерине жардам берет.

 

40-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды кесипке даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды кесипке даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу окуу жайларында, ишканаларда жана уюмдарда (атайын же жалпы типтеги) социалдык жактан коргоо мекемелери менен бирдикте жекече реабилитациялоо программасына ылайык камсыз кылынат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды кесипке даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мезгилинде материалдык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана шарттарда ишке ашырылат.

 

41-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын маалыматка ээ болуусун камсыз кылуу

Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын маалыматка ээ болушун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй жол менен камсыз кылат:

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн мезгилдүү, илимий, окутуу-усулдук, маалымкат-информациялык жана көркөм адабий, анын ичинде аудиокассетада, дисктерде, Брайлдын рельефтик-чекиттик ариптери менен жана сурдокотормо менен видеокассеталарда басып чыгаруулар;

– бирден кем эмес республикалык телекөрсөтүү каналдарында телекөрсөтүү программаларынын сурдокоторуусун уюштуруу.

 

42-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын маданий-оюн-зоок мекемелерине жана спорттук-сакайтуу жайларына баруусун камсыз кылуу

Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын маданий-оюн-зоок мекемелерге (музейлер, театрлар, кинотеатрлар. көргөзмөлөр) жана спорттук-сакайтуу жайларына ээн-эркин барышына, физкультура жана спорт менен машыгуулары үчүн керектүү шарттарды түзүүгө, ошондой эле атайын спорт инвентарлар менен камсыз кылууга тийиш.

Иштери улуттук-маданий дөөлөттөр менен байланышкан уюмдар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн акысыз кирүү күндөрүн белгилөөгө милдеттүү.

 

7-глава
Инфраструктура объекттерине кирүү укугу

43-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын инфраструктура объекттерине жана транспорт коммуникацияларына кирүү кепилдиктери

Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга турак жайга, коомдук, администрациялык жана өндүрүш имараттарына, курулмалар менен бөлмөлөргө, эс алуу жайларына жана башка маданий-оюн-зоок мекемелерине кирүүгө, ошондой эле коомдук транспорттон, транспорт коммуникацияларынан, байланыш жана маалымат каражаттарынан тоскоолдуксуз пайдаланууга, ээн-эркин багыт алууга жана барын-келүүгө шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү.

 

44-берене. Объекттерди долбоорлоого жана курууга коюлуучу талаптар

Калк конуштарын долбоорлоо жана куруу, турак жайлуу жерлерди түзүү, долбоордук чечимдерди иштеп чыгуу, имараттарды, курулмаларды, анын ичинде аэропортторду, темиржол бекеттерин, деңиз портторун, комплекстерди, коммуникацияларды куруу жана реконструкциялоо, бул объекттерге жана каражаттарга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кириши жана колдонушу үчүн ыңгайлаштырууну эске алуу менен ишке ашырылууга тийиш.

Турак жай, коомдук өндүрүш имараттарын жана курулмаларды долбоорлогондо аларды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, анын ичинде кресло-коляска же башка кошумча каражаттардын жана шаймандардын жардамы менен жылып жүрүшкөндөрдүн пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү эске алынышы керек. Курамында социалдык жактан коргоо органдарынын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү болгон мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын катышуусуз аталган объекттерди пайдаланууга берүүгө жол берилбейт.

 

45-берене. Инфраструктура объекттеринин ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын муктаждыктарына ыңгайлаштырылышы

Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар алардын менчигинде же карамагында болгон инфраструктура объекттеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кириши үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.

Социалдык инфраструктуранын иштеп жаткан объекттери ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кириши жана пайдаланышы үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук уюмдарынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан аныктала турган тартипте жана шартта ылайыкташтырылууга тийиш.

 

46-берене. Транспорт каражаттарын жабдуу. Атайын транспорт каражаттары

Транспорт каражаттарын, анын ичинде жекече каражаттарды иштеп чыгуу жана жасоо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ээ болуу жана пайдалануу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.

Калкты транспорт менен тейлөөнү ишке ашырып жаткан юридикалык жактар, менчигинин түрүнө карабастан, автотранспорт каражаттарын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар алардын кызматынан тоскоолдуксуз пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүүчү атайын шаймандар менен жабдууга тийиш.

Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча маршруттарды тейлөө укугун берүүгө конкурстарды өткөргөн учурда транспорт каражаттары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын киришине ылайыкталган адамдар артыкчылыкка ээ болушат.

 

47-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды турак жай менен камсыз кылуу. Турак жайларды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын киришине жана пайдаланышына ылайыкташтыруу

Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болушкан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана өзүнүн курамында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдары бар үй-бүлөлөр эсепке алынат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте турак жай менен камсыз кылынат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар ээлеп турушкан турак жайлар атайын каражаттар жана жекече реабилитациялоо программасына ылайык шаймандар менен жабдылат.

Аталган турак жайларды жабдуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, турак жай фонду карамагында турган юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, социалдык жактан тейлөөнүн стационардык мекемелеринде жашап жатышкан жетим же ата-энесинин камкордугунун кароосунан ажыраган балдар 18 жашка чыккандан кийин, эгерде жекече реабилитациялоо программасы өзүн өзү тейлөөнү жана өз алдынча жашай алуу мүмкүнчүлүгүн алдын ала караштырса, кезексиз турак жай менен камсыз болушат.

 

8-глава
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо

48-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кепилдиктери жана реабилитациялоо боюнча милдеттер

Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга реабилитациялык иш чараларды өткөрүүнү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коомго интеграциялоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү кепилдигин берет.

Төмөндөгүлөр реабилитациянын негизги милдеттери болуп эсептелет:

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын көп профилдүү реабилитациясы боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу, социалдык жактан колдоону күчөтүү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын турмуш шарттарын жакшыртуу;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга саламаттык сактоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык квалификациялык медициналык-санитардык, психологиялык-социалдык, социалдык-педагогикалык жактан, коомдо жана үй-бүлөдө жашоого, окууга жана эмгектенүүгө жардам көрсөтүү;

– социалдык жактан коргоо кызматынын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын башка жарандар менен бирдей конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда алардын мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу үчүн реабилитация системасын түзүү, ошондой эле аларды коомго интеграциялоо.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга акысыз берилүүчү жана мамлекет тарабынан кепилдик берилүүчү реабилитациялык иш чаралардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик базалык реабилитациялоо программасы менен аныкталат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын бузуп же жоготуп алган организминин функцияларынын, өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүктөрүнүн, кесиптик иштин ар кандай түрлөрүнө жөндөмдүүлүктөрүнүн калыбына келишине же компенсацияланышына багытталган, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга толук кандуу өмүр сүрүүгө мүмкүндүк берүүчү жана алардын укуктары менен колдон келүүчү мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыруучу иш чаралардын комплексин көрсөткөн медициналык, кесиптик жана социалдык реабилитациялоо системасынын бутуна турушун, өнүгүшүн мамлекет уюштурат жана ага түрткү берет.

Мамлекет медициналык, кесиптик жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык, кесиптик жана социалдык жактан реабилитациялоо, майыптыктын алдын алуу жагынан илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, адистерди даярдоону каржылайт жана уюштурат.

 

49-берене. Социалдык реабилитациялоонун түрлөрү

Мамлекет реабилитациялоо иш чараларын жүзөгө ашырууда комплекстүү ыкманы камсыз кылат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык жактан реабилитациялоо көп кырдуу болуп эсептелет жана өзүнө медициналык, психологиялык, педагогикалык, билим берүү, социалдык-чөйрөлүк, социалдык-эмгектик, социалдык-маданий реабилитацияны камтыйт.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоонун негизги багыттары төмөндөгүлөрдү өзүнө камтыйт:

– калыбына келтирүүчү медициналык иш чараларды, протездөөнү, санаториялык-курорттук дарылоону;

– кесиптик багыт берүүнү, окутууну жана билим берүүнү, жумушка орношууга көмөк көрсөтүүнү, өндүрүшкө көнүп кетүүнү;

– социалдык-чөйрөлүк, социалдык-педагогикалык, социалдык-психологиялык жана социалдык-маданий реабилитациялоону, социалдык-тиричилик жактан көнүп кетүүнү;

– дене тарбия-сакайтуу иш чараларын, спортту.

 

50-берене. Жекече реабилитациялоо программасы

Жекече реабилитациялоо программасы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасына ылайык реабилитациялык акысыз иш чаралардай эле акы төлөөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар катышкан жана (же) менчигинин түрүнө карабастан, юридикалык жактар катышкан реабилитациялык иш чараларды камтыйт.

Төмөнкүлөр жекече реабилитациялоо программасын түзүүнүн негизги принциптери болуп эсептелет:

– жекечелик;

– үзгүлтүксүздүк;

– ырааттуулук;

– ишти улантуучулук;

– комплекстүүлүк.

 

51-берене. Жекече реабилитациялоо программасын иштеп чыгуу жана аткаруу

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жекече реабилитациялоо программасы тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын аткарышы үчүн милдеттүү документ болуп эсептелет.

Жекече реабилитациялоо программасы жана реабилитациянын мамлекеттик базалык программасы жөнүндө жоболор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

 

52-берене. Реабилитациялык борборлор

Саламаттык сактоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык, республикалык жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын реабилитациялык жардамга жана жергиликтүү шарттарга муктаждыгын эске алуу менен:

– реабилитациялык, анын ичинде илимий-өндүрүштүк борборлордун тармагын;

– дарылоо-профилактикалык мекемелерде калыбына келтирүүчү дарылоо бөлүмдөрүн;

– атайын билим берүү уюмдарын, адистештирилген санаториялык-курорттук мекемелерди;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга социалдык-тиричилик жактан кызмат көрсөтүү боюнча адистештирилген ишканалар менен мекемелерди уюштурушат.

Мамлекет мамлекеттик эмес реабилитациялык борборлорго колдоо көрсөтүү, реабилитациялоо милдеттерин чечүүгө көмөк берүү аркылуу алардын бутуна туруп кетишине жардам берет.

 

9-глава
Финансы-материалдык жактан камсыз кылуу

53-берене. Финансы жагынан камсыз кылуунун булактары

Ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча иш чараларды финансылык булактан камсыз кылуунун булактары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

– республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары;

– кайрымдуулук акылары жана кайыр-садагалар;

– гранттар жана демөөрчүлүк жардам;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.

 

10-глава
Корутунду жоболор

54-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

– “Кыргызстан Республикасында майыптардын социалдык жактан корголушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-ж., № 8. 247-ст.);

– “Кыргыз Республикасында майыптардын социалдык жактан корголушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 17-апрелиндеги № 422-ХII токтому;

– “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын II бөлүмү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1995-ж., № 10, 397-ст.);

– “Кыргыз Республикасында майыптардын социалдык жактан корголушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 3, 89-ст.).

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*