Имамалиева: бала ата-энесине оюн ачык айтса, ийгилиги артат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Балдарды коргоо борборунун ата-энелер үчүн сабак-тренингдеринин катышуучусу Назгүл Имамалиева ата-энелер балдарды тарбиялоодо байкабастан көп ката кетирип аларын айтты.

 

Анын айтымында, сабак алгандан кийин абал өзгөрүп, балдары оюн кенен айтып, сырдаша баштаган.

“Биз ата-энебизден алган тарбияны балдарыбызга беребиз деп жаңылышат экенбиз. Алардын чымчыганы же урушканы зомбулук болуп саналарын көпчүлүгүбүз биле бербейбиз. Сабактарга, тренингдерге катышуу менен балдарга кантип туура тарбия берсе болорун үйрөнө баштадым. Жыйынтыгында чоң өзгөрүүлөр байкалып, балдарым мени досундай көрүп, ойлорун ачык айтып, сырдашып калышты. Балдарга зордук-зомбулук көрсөтпөй өстүрсөк, алар да пикирин эркин айткан, ийгиликтүү адам болуп чыгат”, — деди Имамалиева.

Ал ошондой эле өзү да зордук-зомбулуксуз бала тарбиялоо боюнча 20дай ата-энеге сабак өткөнүн кошумчалады.

https://sputnik.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*