Нарын шаарында кечээ, 28-декабрь күнү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылды. Бул иш-чараны Нарын ОИИБдин жетекчилиги демилгелеген.
ОИИБдин маалыматы боюнча, «Кутман таң» жана «Нур асман» коомдук бирикмелериндеги мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана жашоо шарты начар үй-бүлөлөрдөгү жалпы 35 балага каалоо-тилектер айтылып, ар бирине 350 сомдук жаңы жылдык таттуулар, белектер берилди.
Turmush
29.12.2018
https://www.turmush.kg/news:357639
Leave a Reply