Коом түшүнмөйүн балдарга зомбулук токтобойт

Өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштардын саны үстүбүздөгү жылдын I кварталында 240тан 355ке жетти. Анын 31 сексуалдык зордук-зомбулук фактысы болгон.

 

Башкы прокуратура жашы жете электерди оор жумушка тарткан фактыларды аныктады. 2017-жылы жана 2018-жылдын I кварталында республика боюнча 135 акт киргизди. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөш жана балдардын укугун коргоо боюнча бөлүмдүн башчысы Аслан Атабиев билдирди.  Балдар мындай оор  жумуштарга ата-энелеринин каалоосу менен тартылып, билим албай калууда. Киргизилген акттардын негизинде 84 кызмат адамы административдик жана тартиптип  жооркерчиликке тартылган.

Бул белгилгенген  мөөнөттө жашы жетелектерге карата  зордук-зомбулуктардын көпчүлүгү социалдык  кызматкерлер тараптан болгон.Билим берүү жана саламаттык сактоо кызматкерлери тараптан дагы бар. Ошондой эле укук коргоо органдары тарапта дагы… Көпчүлүк балдар сабак учурда оор жумуштарга тартылып жатат. Тилекке кашры көпчүлүк маалда бул көрүнүштөр балдардын ата-энелеринин демилгеси менен болуп жатат.

Башкы прокуратура белгилеп кеткендей,  балдардын басымдуу бөлүгү көңүл ачуу жайларында кафе, ресторандар, базарда иштеп акча табууда. Бул маселе боюнча Акыйкатчы институту жыл сайын атайын изилдөө жүргүзүп  доклад даярдап келет. Анда жарандар тараптан 2018-жылга келип түшкөн  иштер толук тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген. Мындай кырдаал жакырчылыктан улам катталууда. Бул тууралуу аталган институттун балдардын укугун коргоо боюнча бөлүмдүн башчысы Махабат Турдумаматовабилдирди.

Көбүнчө балдардын ата-энеси турмуштун ар кандай кырдаалда балдарын жакындарына тыштап кетет. Көпчүлүгү чет жака кетип, балдар туугандарынын колунда калып жатат. Ошол учурда балдар зордук-зомбулуктарга учурашууда.

Бюджет тартыш болуп турганда биринчи кезекте балдардын эмгеги тууралуу коомчулук кеңири маалыматка ээ болуш зарыл . Анын айтымында бул  көйгөй менен комплекстуу күрөштү талап кылат Жашоо шарты начар, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири майып болгон окуучуларга мамлекет каржылык колдоо көрсөтсө балдардын эмгегин пайдалануу азаймак. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун улуттук координатору Амина Курбанова айтып берди.

Көпчүлүк өлкөнүн экономикасы өнүкмөйүнчө балдардын эмгегин коргоо көйгөйү чечилбейт деп айтат. Бирок андай эмес. Биринчи кезекте балдардын эмгегин пайдаланган ата-энелер, мамлекеттик структуралар, жумуш берүүчүлөр түшүнүшү зарыл. 14 жашка толо эле өспүрумдөр ишке тартылбашы керек. Турмуштук шартына байланыштуу кыйналып жашаган балдар иштөөгө аргасыз болушу мүмкүн. Бул убакта коомдук уюмдар, ЖМКлар аларды агартууга өбөлгө түзсө жакшы болот. Мындан сырткары, балдар жок дегенде жылына бир жолу медициналык текшерүүдөн өтүшү шарт. Балдарга женил жумуштарды сунуштап көрүү дагы пайдасын берет. Алар каражат табуу менен бирге тажрыйба тонтогон жумуштарды иштесе жакшы.

 Созунун уландысында балдардын эмгеги көпчүлүк учурда чарбалык жумуштарга пайдаланылып жатканын кошумчалады.

 Чолпон Бейшелең кызы

Июнь 28th, 2018 

Коом түшүнмөйүн балдарга зомбулук токтобойт

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*