Фото – Тоңдо 2 баласын балдар үйүнө берүүдөн баш тарткан майып эне авариялык үйдө жашоого аргасыз

 

Тоң районунун Туура-Суу айылында авариялык үйдө жашаган майып эне эки баласын балдар үйүнө берүүдөн баш тартты.
1975-жылы туулган Айнагүл Бакачиева экинчи топтогу майып. Учурда эки баласын жолдошу менен бирге багат, бирок экөө тең эч жерде иштебейт. Алар Төрт-Күл айыл аймагы тарабынан аз камсыз үй-бүлө катары каттоого алынган. Бул үй-бүлө авариялык үйдө жашагандыктан өткөн жылы тиешелүү адистер эки баласын — 2007-жылы тулган Мырзакул кызы Тахмина менен 7 жаштагы Чынгышев Сатыбалдыны Кажы-Сайдагы балдар үйүнө убактылуу жайгаштырууну сунушташкан.
«Балдарымды балдар үйүнө бербейм. Себеби мен балдарым үчүн жашап келем», – деген Айнагүл Бакачиева майыптыгы үчүн алган жөлөк пул менен балдарын багып келет.
Ошондой эле, бул үй-бүлө жашаган турак жайдан жарака кетип, кооптуу абалда турат.

Turmush 

18.08.2017 

http://www.turmush.kg/news:329923/?from=portal&place=nowread

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*