Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген алматылыктар Бишкекте веломарафон өткөрүштү

 

Бүгүн, 14-августта Бишкекте кайрымдуулук боюнча веломарафон өттү.

Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, көзү жакшы көрбөгөн жана көзү азиз алматылыктар Бишкекке келишти. Алар Алматы шаарынан Ысык-Көлгө чейин 450 чакырым жолду өтүүгө белсенишкен.

Иш-чаранын негизги максаты – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди социализациялоо, спорт менен машыгууга үндөө, туризмди өнүктүрүү.

Веломарафонго ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коштогондор менен жалпысынан 30 адам катышууда.

Автор: Үмүт Абдраимова 

14-08-2017
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/198431/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*