Сыноолорго сынбаган Лүтсиянын кыялы (аудио)

Лүтсия Эралиева

Ноокен районунун Сары-Сыя айылынын тургуну, биринчи топтогу майып Лүтсия Эралиева кыштактагы ийгиликтүү ишкерлердин бири.

Жашоодон бир канча жолу түңүлгөн Лүтсия азыр алдына бийик максаттарды коюп, акырындап аны ишке ашырып келүүдө. Көзү жакшы көрбөсө да, өз алдынча окууну үйрөнүп, кыйынчылыктарды жеңип өткөн мекендешибиз айылдагы муктаж кишилерге аз өлчөмдө пайызсыз насыя берүү менен да алектене баштаптыр. Мунун баарына өз аракети менен жетишкен Лүтсия жашоосу тууралуу “Азаттык” радиосуна кеп салып берди.

Балалыктын арманы

“Жашым 31де. Төрөлгөндө эле көзүмдөн майып болуп жарык дүйнөгө келгем. Кудайдын кудурети дейбизби же тагдырдын сыноосубу, айтор элдин баары көзүнүн карасында көрсө, менин көрүү органым көздүн агында жайгашкан экен. Дарыгерлер ушинтип айтышкан. Алысты көрө албайм. 2-3 метр аралыктагы нерсени байкайм, бирок эмне экенин ажырата албайм. Кишилерди үндөрүнөн тааныйм.

Менин абалым ушундай болгондуктан мектепте окуган эмесмин. Анын үстүнө мен сыяктууларды окута турган мектеп жакын-тегеректе жок болчу.

Бала кезде өзүм курактуулар менен ойногум келчү, бирок кошула алчу эмесмин. Себеби алар чуркап ойношор эле, менин колумдан келбей турган оюндар менен алектенишчү. Ошондуктан мүмкүн болушунча өзүмдөн кичүүлөр менен чогуу жүрчүмүн. Анткени аларды өзүм каалагандай ойнотконго болор эле. Теңтуштарым менен жүргөндү кааласам да, айласыздан кошула алган эмесмин”.

Баянды бул жерден угуңуз:

Окууга ынтызарлык

“Жашым жетип, мен менен тең балдардын баары мектепке кирди. Мен окуй албадым. Аябай мектепке баргым келчү. Окуйм деп бир канча жолу тополоң да салгам. Айла жок экен, окубай калдым. Бирок бир туугандарым үйдө мага окуганды, жазганды үйрөтүштү. Кагазга жаза албайм да, ошон үчүн столдун үстүнө күрүчтү төгүп, ошого кол менен тамгаларды жазып, үйрөнгөм. Күрүчкө оюп жазып, кайсыл тамга кандай формада экенин үйрөнгөм. Сандарды да үйрөнүп, бат эле математиканы өздөштүрүп алгам. Баса, мен эң алгач күрүчкө ата-энемдин ысымын жазгам.

Китепти көзүмө 2-3 см жакын алып келип окуйм. Болбосо көрбөйм. Ошол абалым менен балалыгымда үйдөгү “Манас” эпосун окуп чыккам. Окуп эле тим болбой, үйгө келген конокторго эпостогу окуяларды айтып берчүмүн. Аларга дастанды баяндап бергениме өтө кубанар элем”.

Акталбаган үмүт

“Тамак жасаганды жакшы көрөм. Үйдөгү ашкананын каеринде эмне бар экенин билем. Ар кандай тамактарды жасап, конок келсе көңүлүн көтөргөнгө аракет кылам. Бул колумдан келет.

Бала кезден эле ата-энем, бир туугандарым жашоонун өйдө-ылдыйында кагылбоону үйрөтүштү. 22 жашымда жуучу келип, айылдагы бир жигит колумду сурады. Теңтуштарым турмуш куруп, балалуу боло баштаган. Мен да жакшы ниет менен ал жигитке баш кошууга макулдугумду бердим. Бирок үй-бүлөлүк жашоо көпкө созулбады. Анткени кайын-журтум жасаган жумушумду көп текшере беришчү. Тириликти эптей аларыма ишенчү эмес. Үй шыпырсам артыман кайынсиңдим кирип текшерет, идиш жуусам кайненем келип карайт. Колунан келеби же жокпу деген ишенбестик бар эле. Алардын бул күмөндүү ойлору мени капа кылчу. Мындай көзөмөл менен жашай албасымды айтып, бир жылга жетпей күйөөм менен урушпай эле эки ача жолго түштүк”.

Бизнеске кадам

Ошондон кийин жашоодон түңүлдүм. Үй-бүлөнү эптей албадым деп жүрөгүм сыгыла баштады. Ыйладым, жашоо кызыксыз болуп калды.

Арадан бир канча убакыт өтүп, уюлдук телефондорго бирдик салган кызмат көрсөтүү айылдарга жетти. Ушул ишкерлик менен алектенип көрөйүн деп чечтим. Анткени эсеп-кысапты билем, кыйналбасам керек деп ойлодум. Жакындарыма айтсам колдошту. Бирок “бирөөнүн телефонуна бирдик салуу үчүн анын номурун кагазга жазыш керек, кыйналасың” деп да айтышты. Тобокелдикке барып, өзүмө ишендим.

1000 сом менен кызматты телефонго коштум. Телефондун баскычтарын жаттадым, каерде кайсы баскыч жайгашканын үйрөндүм. Кайсыл сан каерде экенин билип алып, ишкерликти баштадым. 1000 сомдон баштаган ишимдин пайдасы тез эле 5 миңге чыкты, анан 10 миң, 15 миң болуп, азыр 20 миң сомго жеткирдим. Бирдик салганда телефондогу сандарды көрбөй деле койсом болот. Көзүмдү жумуп да иштей берем”.

Эрк жана касиет

“Алгач адамдар бирдик салдырганы келип, таң калышар эле. Көзүмө карап, ишенбей “сиз сала аласызбы? Номурларды туура тере аласызбы?” деген суроолорду беришчү. Номурун кайра-кайра айтып, жазганымды текшеришер эле. Акча берип, “мына 20 сом, 50 сом” дешип, акчаны көзүмө жакын алып келип көрсөтүшөр эле. Алардын бул мамилесине капа да болуп, “баары бир ишенишпейт, түшүнүшпөйт экен да” деп жүрдүм. Бирок ишкерликти уланта бердим.

Дени сак кишилердин жашоого наалыганын көрүп таң калам. Акча табыш үчүн кыйналып, кылмыш иштерге барышат. Аларга “төрт мүчөң аман-эсен, аракет кылып, жакшы жашоого умтулбайсыңбы!” дегим келет. Баары адамдын аракетинен көз каранды.

Мен башкалар менен теңтайлаша алдым. Аракет кылып, көзүм көрбөсө деле дени сак кишилердин катарына кошулдум. Алар эптеген ишти мен да жасай аларымды дадилдедим. Башында мага ишенбегендер азыр мага достой мамиле жасашат. Мектепте окубасам да, теңтуштарым мага “классташ” деп кайрыла башташты. Ушул чакан ишкерликтен улам аз-маз фонд жыйнадым. Аны айылдагы акчага муктаж кишилерге насыя катары берип жүрөм. Карыз деп коёт го. Убагында төлөшөт. Үстөк пайыз албайм.

Баса, мен азыр айылдагы 400-500 адамдын теңинен көбүнүн телефон номурун жатка билем. Кагазга жаза албаганыма байланыштуубу, айтор номурларды дароо жаттап алуу өзгөчөлүгүм бар. Мисалы, мага бирөө-жарым номурун бир жолу айтса эле ошол заматта эстеп калам. Айылдаштардын кимисинин номуру кандай экенин билем. Айтышы шарт эмес, “мага бирдик салып коюңуз” дегени жетиштүү. Кудай бир тараптан кысып, экинчи жагынан айкөлдүгүн аябаса керек. Эске тутуу жөндөмүм жакшы. Атүгүл көпчүлүк мага чалып, бирөөлөрдүн номурун сурашат. “Паланчанын номуру кандай эле?” десе, 109 кызматындай болуп, дароо айтып берем. Башкача айтканда, айылымдын сурап-билүү кызматымын десем болот.

Азыр мен 1-топтогу майыптыгым үчүн 1950 сом жөлөкпул алам, ага кошумча 1000 сом компенсация берилет. Үч ай сайын дарыгерлердин кароосунда болом”.

Кыялдагы Стамбул

“Бала кезде ырчы болууну самачумун. Музыкага кызыгуум күч. Бирок эл тааныган өнөр адамы болуу насип этпеди. Ошентсе да, майыптар күнүнө карата райондук, облустук деңгээлдеги иш-чараларга катышып, кыргыз, өзбек тилдеринде ырдап келем. Ыр кеселерге чакырып турушат. Айыл өкмөттө иштегендер мени билишет, ошолор чакырышат.

Дагы бир кыялым – түрк тилин үйрөнүү. Бул тилегим ишке ашабы, же жокпу, азырынча билбейм. Айылда андай мүмкүнчүлүк жок. Башка эч кайсы мамлекетке барбасам да мейли, бирок Түркияны, Стамбулду көргүм келет. Түрк маданиятына кызыгам. Азырынча бул кыялымдагы каалоо…”

11-июль, 2017

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_woman_disabled_buziness/28605964.html

1 Trackback / Pingback

  1. Лутсия: Могу работать с закрытыми глазами — Доступ к правосудию

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*