К. Чороев: Төлөй албасын билип туруп, банктар майып же улгайган адамдарга да насыя берген

xjhjtd

Кыргызстанда насыя алып ишкердигин ийгиликтүү уланткандар менен катар эле анын айынан турак жайынан ажырап, дагы башка оор абалага кириптер болгондор аз эмес. Би-Би-Си экономист Кубан Чороевди кепке тартып, Кыргызстандагы насыя шарттары алуучуларга канчалык ыңгайлуу экенин сурады.

К. Чороев: Дүйнөдө атайын рейтинг бар. Бул кайсы мамлекеттерде эл канчалык кыйналып жаткандыгын изилдейт. Бул негизги делген үч көрсөткүч менен аныкталат. Биринчиси, ошол өлкөдөгү инфляциянын эсеби, экинчиси бул калктын санына жараша жумушсуздуктун деңгээли, үчүнчүсү, орто эсеп менен насыялардын үстөк пайызы. 110 мамлекттин ичинен алганда Кыргызстан 13-орунда турат. Бул он үч мамлекттин ичинде жарандык согуш болуп жаткан өлкөлөр, Африканын оор шартта жашаган бир нече мамлекети бар.

Экономист Кубан ЧороевСүрөттүн автордук укугуFACEBOOK Image caption Экономист Кубан Чороев

Би-Би-Си: Насыяны төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн так эсептебей алып жаткандар күнөөлүбү же банктарбы?

К. Чороев: Элде акчага муктаждык чоң. Анткени өкмөт, Улуттук банктын туура эмес саясатынан улам акча таңкыс боло турган системаны түзүп койгон. Эл аралык уюмдарга кайрылып, жакырларга жардам берип жатабыз деп 2-3 пайыздык насыяны алып, аны 30-40 пайызга чейин берип жатпайбы.

Би-Би-Си: Сиз насыянын шарттарына нааразы болуп эл аралык уюмдарга, Улуттук банкка да кат жазып кайрылып жүрдүңүз эле. Кандай жооп алдыңыз?

Бул жана башка суроолорго толук жоопту жогоруда турган аудио маектен уксаңыз болот.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*