БАЛДАРГА КАРАТА ЗОМБУЛУК КҮЧ АЛДЫ

Кыргызстанда балдарга карата жасалган сексуалдык зомбулук боюнча көрсөткүч өсүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда  былтыр биринчи жарым жылдыкта балдарга карата 400дөй кылмыш катталса, анын 30дан ашыгы сексуалдык мүнөздө болгон. Ал эми быйыл ушундай эле мезгил аралыгында жалпы 400гө жакын кылмыштын 50сү сексуалдык экени аныкталды. ИИМ  жабыркаган балдардын көбөйүшүн алар каралбай калып жатканы жана аныктоо, ачыкка чыгаруу иши жакшырганы менен байланыштырат. Милициянын ар үч ай сайын өткөрүп туруучу рейддеринин негизинде быйыл жыл башынан бери ата-энеси тышкы жана ички миграцияда жүргөн 14 жашка чейинки курактагы 40 миңден ашык бала аныкталган. Көбү Ош, Жалал-Абад жана Чүй облусунда. Кыргызстанда балдарга карата сексуалдык зомбулук көрсөткөн кылмышкерлердин жазасын кучотуу аракети көрүлүп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу бул багытта иштеп чыккан мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

26.06.2017

http://oshpirim.kg/2017/06/26/%D0%B1%D0%B0%D0%BB%D0%B4%D0%B0%D1%80%D0%B3%D0%B0-%D0%BA%D0%B0%D1%80%D0%B0%D1%82%D0%B0-%D0%B7%D0%BE%D0%BC%D0%B1%D1%83%D0%BB%D1%83%D0%BA-%D0%BA%D2%AF%D1%87-%D0%B0%D0%BB%D0%B4%D1%8B/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*