Журналисттер жана блогерлер үчүн «Стереотипсиз жашоо!» сынагы

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги (ЭжСӨМ) БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү”  долбоору менен биргеликте журналисттер жана блогерлер арасында майыптыгы бар адамдарга жана айылдык аялдарга карата стереотиптерди жоюга багытталган материалдарды жаратууга сынак жарыялайт. Сынак «Стереотипсиз жашоо!» урааны алдында өтөт. 

1. Сынактын максаты төмөнкү багыттарга колдоо көрсөтүү: 

  • майыптыгы бар адамдарга жана айылдык аялдарга карата стереотиптерди жою;  
  • майыптыгы бар адамдардын жана айылдык аялдардын укуктук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү; 
  • пандемия учурунда зордук зомбулуксуз үй бүлөөлүк бакубат жашоо шартын тузүү;
  • майыптыгы бар адамдардын БУУнун майыптардын укуктары  тууралуу Конвенциясына ( БУУ МУК) ылайык позитивдүү образын жаратуу: 
  • айылдык аялдардын позитивдүү образын жаратуу;  
  • майыптыгы бар адамдарга карата толеранттуу коом түзүү;
  • майыптыгы бар адамдардын баардык категорияларына жеткиликтүү социалдык-экономикалык, маалыматтык чөйрө жаратуу;
  • гендер жана майыптык өңүтүндө сезгич лексиканы колдонуу жана жайылтуу. 

2. Сынактын катышуучулары: 

Сынакка жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана медиа материалдардын түрүнө карабастан (теле көрсөтүүлөр, радио материалдар, подкасттар, макалалар, блогдор, видео блогдор …) баардык кыргыз жана орус тилиндеги журналисттик материалдардын жана блогдордун авторлору катыша алат. Сынакка гезит беттеринде, социалдык тармактарда, Интернет басылмалардын веб-сайттарында, блог платформаларында жарыяланган же өлкөнүн телерадио каналдары аркылуу берилген материалдар кабыл алынат. Учурдагы пандемия шартына байланыштуу, заманбап онлайн технологиялардын жардамы менен дистанттык негизде жасалган материалдар дагы сынакка бирдей укукта катыша алат.  

3. Сынактын катышуучулары төмөнкү материалдарды жөнөтүүсү керек: 

  • өзү тууралуу маалымат (аты жөну, иштеген жери, байланыш телефону);
  • 2020-жылдын 10 майынан 1 октябрына чейин жарыяланган, же эфирге чыккан сынактын темасындагы бирден үчкө чейинки медиаматериалдар; 
  • ар түрдүү веб-ресуртарда (вебсайт, социалдык тармак, youtube, блог платформалары ж.б.) жайгаштырылган материалдардын шилтемелери; 
  • Youtube каналдарына же башка веб-ресурстарга жайгаштырылган теле жана радио материалдардын шилтемели, кыскача маалыматы (автору, эфирге чыккан датасы, ЖМКнын аталышы, хронометражы);
  • гезит журналдарга чыккан материалдардын скан-версиясы жана ошол эле материалдардын социалдык тармактардагы же башка веб ресуртардагы шилтемелери, кыскача маалыматы (автору, жарыяланган датасы, ЖМКнын аталышы).

Сынака катышуу үчүн материалдардын скан версиясын же шилтемелерин competition.kg@gmail.com электрондук почтасына “Стереотипсиз жашоо!” сынагы үчүн деген тема коюп жөнөтүү керек. Кошумча суроолорду ушул почтага жазып жооп алсанар болот.    

Уюштуруучулар сынакка келип түшкөн материалдарды таратууга, басып чыгарууга укуктуу.  Сынактык материалдарды таратууда авторуна жана ЖМКсына шилтеме берилет. 

4. Сынактын акыркы мөөнөту – 1 октябрь 2020-жыл, 17.00.

5. Сынактын номинациялары:

Эң мыкты журналисттик эмгек

1 орун – Ноутбук 

2 орун – Букридер 

3 орун – Мобильдик телефон  

Кызыктыруучу сыйлыктар  

 Эң мыкты блог 

1 орун – Ноутбук 

2 орун – Букридер 

3 орун – Мобильдик телефон  

Кызыктыруучу сыйлыктар  

6. Тандоонун критерийлери: 

– сынактын темасына, максаттарына жооп бериши; 

– журналистиканын этикалык нормаларына, профессионалдык стандарттарына туура келиши;

– маалыматтын ар тараптуулугу, тереңдиги; 

– материалды чагылдыруунун оригиналдуулугу; 

– аудиторияга таасирдүүлүгү;

– инклюзивдүүлүк, бирдей мүмкүнчүлүк принцибин сактоо.

 Сынактын катышуучулары үчүн маалымат  

2018-жылы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги БУУӨПтүн долбоору менен биргеликте айылдык аялдарга жана майыптыгы бар адамдарга карата терс стереотиптерди аныктоо боюнча изилдөө жүргүзгөн. Излидөөнүн жыйынтыгында бул стереотиптер жөнөкөй жарандардын, мамлекеттик кызматкерлердин арасында кеңири жайылгандыгы жана ал саясатта, мыйзамдарда, укук коргоо органдарында ошондой эле маалымат чөйрөсүндө жайылганын көрсөттү.

Коомдун аң-сезиминде төмөнкүдөй стереотиптер орун алган: майыптыгы бар адамдарга дайыма жардам берилиши, колдоого алынышы керек жана алар дайыма үй-бүлөөгө жана бүтүндөй коомго оор жүк болуп турат. Бүгүнкү күндө коомдун басымдуу бөлүгүнүн майыптыгы бар адамдар менен карым катнаш түзүү, баарлашуу тажрыйбасы жок, алардан коркушат жана көп учурда оолак болушат. Жарандык коомдун интеграцияга, жеткиликтүү физикалык жана маалыматтык чөйрөнү түзүүгө багытталган талыкпас күрөшүнө карабастан, майыптыгы бар адамдардын көпчүлүгү өзүнчө атайын мекемелерде же үйдө жакындарынын камкордугунда жашайт.

Өлкөбүздөгү айылдык аялдардын социалдык-экономикалык абалы мактанаарлык эмес. Жакырчылык, жумушсуздук, сапаттуу билим алууга, саламаттыкты сактоого мүмкүнчүлүктүн жоктугу, аялдарга карата зомбулуктун ар кандай формалары айылдык аялдарды социалдык жактан алсыз кылат. Мунун баары дискриминацияга жана алардын укуктарынын бузулушуна алып келет. Андан тышкары, бул процесс аларга чыгармачылык шыктарды, таланттарды өнүктүрүүгө, каалоолорун орундатууга жана бактылуу болууга мүмкүнчүлүгун чектейт.

Сынактык материалдарды жасоо үчүн ЭжСӨMдүн сайтындагы айылдык аялдарга жана майыптыгы бар адамдарга карата терс стереотиптерди аныктоо боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары менен ошондой эле кыргыз жана орус тилдериндеги инфографикалык маалыматтар менен таанышып алууга болот. 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*