«Студент кезимде жер төлөдө жашадым»: Өнөр баккан көзү азиз ырчынын баяны. Видео

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун 25 жаштагы тургуну Азиз Айтбаев көзүнөн тубаса майып болгонуна карабай, ырчылык өнөрдү аркалап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Кичинекей кезинде ырчы болууну кыялданган Азиз кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына барган. Бирок ага көзү азиздигинен улам окуй албай турганын айтышкан.

«Ырга болгон кызыгуум 2-классымдан тарта жандана баштады, ал учурда мен Бишкектеги көзү азиздер мекеп-интернатында билим алчумун. Ата-энем соода-сатык менен алектенгендиктен каникул учурунда мага 30 сантиметрлик оюнчук алып беришкен эле. Ошол оюнчуктун таасири менен ырчылык өнөргө кызыгып калдым. 4-класс болгондо айылга каникулга келгенде Камиль Алижанов деген ырчы менин шыгымды байкап калып, өзү менен бирге тойлорго алып барып ырдатып жүрдү. Мага ямаха черткенди үйрөттү, башкача айтканда ырчылык өнөрдөгү алгачкы устатым болду. Анда көзүмдүн көрүү мүмкүнчүлүгү 0,5%ды түзчү. Өң-түстү, көлөмдү, күн-түндү ажырата билчүмүн, кийинчерээк такыр көрбөй калдым. Ошентип мектеп-интернаттан 9-классты бүтүп, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга баруу үчүн 1 жума үйдөн даярдандым. Сынактан жогорку упай менен өтүп кеттим, бирок мага көзүмдүн азиздигинен улам окуу жайдан окуй албашымды айтышты. Кийинчерээк Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык окуу жайына барып, ал жерде көп ийгиликтерди багындырып, жашоодон өз ордумду таба баштадым», – дейт Азиз.

Ал студент кезинде аны сүзүп кете жаздаган айдоочу ыңгайсыз абалда калганын эстеди.

«Музыкалык окуу жайда окуп жүргөндө азиз болгонум үчүн бир топ кыйынчылыктарга дуушар болдум. Ал учурда ижарага алган батирде жашагандыктан үйүм менен окуу жайдын аралыгы 32 чакырымды түзчү. Үйүм шаардын четинде болгондуктан эрте туруп, окууга камынып, жолдо унаалар аз болгон учурда таяк менен кетип калчумун. Бир күнү ноябрь айында адаттагыдай таңкы саат алтыда туруп, автобус менен окууга жөнөдүм. Дарегиме жеткенден кийин аялдамадан түшүп, жолдун аркы бетине жөө адамдар өтүүчү жол менен өтүп бара жаткам. Аңгыча сол жагымдан бир унаа катуу келип, мени коюп кете жаздады. Ошол учурда мен оң жакка кача калдым, бирок ошентсе да унаанын капотуна таягым тийип кетти. Мен жаракат алган жокмун, бирок айдоочу түшүп алып, «көзүңө карап баспайсыңбы, унаа келе жатканын көрүп жатпайсыңбы?» деп кыйкырды. Ал менин таягым бар экенин байкаган деле жок. Мен андан: «мүмкүн болсо, мени жолдун арткы бетине өткөрүп коё аласызбы?» деп суранганда гана көзүм көрбөгөнүн билип, ыйлап кечирим сураган эле», – дейт Азиз Айтбаев.

Ал студент кезинде кыйынчылыкка кабылып, жел төлөдө жашаган учур болгонун айтат.

«2-курста окуп жүргөндө акча жетпей, ижарада турган үйдөн чыгууга туура келди. Айлам кеткенде кийимдеримди, аккордеонумду алып, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүндө бир жума жашадым. Аккордеон менен ырдап, бир аз каражат таап, кардымды тойгозуп жүрдүм. Мындай кыйынчылыктарга карабай, 2015-жылы окуумду ийгиликтүү аяктап алдым. Акырындык менен иштеп, өз ордумду таап келе жатам. Окууну аяктаган жылы үйлөндүм. Келинчегим Нарын облусунун Кочкор районунан болот. Азыр 2 уулубуз бар», – дейт ал.

Азиз учурда тойлордо аккордеон, ямаха чертет жана алып баруучу болот.

«2019-жылдын 14-февралында Ала-Бука, Чаткал, Аксы райондорундагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу улан-кыздардын катышуусунда концерт уюштуруп, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгүн муктаж жана оорулуу адамдарга жумшадык. Ошол эле жылдын жай мезгилинде атайын топ менен үч районго концерт коюп, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгүн кайрымдуулукка жумшадык. Жараткан мага көрүү мүмкүнчүлүгүн бербегени менен ырчылык өнөрдү берген экен, анын арты менен үй-бүлөмдү багып келе жатам», – деди ал.

Азиз Айтбаев 5 бир туугандын төртүнчүсү.

https://www.turmush.kg/news:385293

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*