SUPER.TV’нын бул жолку каарманы – кыздарын жалгыз баккан 37 жаштагы ата. Данияр Сыдыковдун улуу кызы 9, кичүүсү 1 жашта. Тилекке каршы, анын улуу кызы Астра тубаса шал оорусу менен төрөлүп, бүгүнкү күнү өз алдынча басып, сүйлөп же көрө албайт. Каарманыбыздын жубайы экинчи кызын жарыкка алып келип, кийинчерээк оорудан көз жумган. Ошондон бери Данияр мырза эки чүрпөсүн эки канатына калкалап, батирде күн кечирип келет.
“Улуу кызыңды балдар үйүнө берип койсоң болот” деп кеңеш бергендер бар. Бирок бергим келсе келинчегим тирүү кезде эле баш тартып коймокпуз да, өзүм багам. Жакшыдан үмүтүм үзүлбөйт, кыздарыма жаркын келечек курганга аракет кыла берем”, – дейт каарманыбыз.
Сыдыковго жардам берүүнү каалагандар 0706 88 66 69 номери аркылуу байланышса болот.
Кыздарын жалгыз баккан атанын баянын төмөндөгү видеотасмадан көрүңүз.
Leave a Reply