Милиционерлер өздөрү үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөтөт, – депутат

Көп кабаттуу үйлөрдөгү батирде үй-бүлөлүк зомбулук болуп жатса да эч ким маани бербейт. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Евгения Строкова (КСДП) билдирди.

«Мындай зомбулук болгон үй-бүлөлөрдүн кошуналарын жазалаш керек. Алар кылмыштын катышуучулары болуп калат», – деди Строкова.

Ошондой эле депутаттын пикири боюнча, милиционерлер өздөрү жакындарын үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар кылышат.

«Алардын үй-бүлөсүндө аялдарга зомбулук көп болот. Үй-бүлөсүнө зордук көрсөткөн тартип коргоочуларды мугалимдик тажрыйбам аркылуу билем. Ошондуктан үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу чакыруу түшкөндө, алар бул маселеге көз жумуп коюшат», – деди ал.

Депутат ички иштер министрин бул маселени карап чыгууга чакырды.

https://barakelde.org/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*