Депутат үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу маалыматтарга чектөө киргизүү керектигин айтты

Өлкөдө ата-энеси эмгек мигранты болуп иштеп кеткендердин балдары зомбулукка көп кабылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда депутат Таалайбек Масабиров Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Депутат үй-бүлөлүк зомбулуктан балдар психологиялык жактан жабыркап жатканын кошумчалады.

“Бүгүнкү күндө психологиялык жактан жабыркаган балдардын так саны жок. Аларды дагы аныкташ керек. Мындан тышкары, массалык маалымат булактарында үрөй учура турган маалыматтар берилип жатат. Алардын видеолору дагы көргөзүлүүдө. Башка үй-бүлөдөгү балдар “ушундай мүмкүнбү?” деп сурап калат. Бул маалыматтар кичинекей балдардын психологиясына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Маалыматты бергенде чектөө керек“, – дейт депутат.

https://www.super.kg/kabar/news/292433/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*