Тоңдо окуучулар зордук-зомбулуктун кесепеттерин талкуулашты

Тоң районунун Кара-Коо айылындагы Р.Жангазиев атындагы орто мектепте зордук-зомбулукка каршы иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Зарылбек кызы Гүлбарчындын айтымында, иш-чарага 9-10-11-класстын окуучулары катышкан. Анын жүрүшүндө окуучулар тарабынан зордук-зомбулук темасында маалыматтар берилип, чакан сахналаштырылган окуя көрсөтүлдү.

Иш-чаранын соңунда окуучулар арасында дебат өттү. Иш-чарага райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү да катышты.

https://www.turmush.kg/news:386159?from=rss

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*