Алтыбаева: балдар, аялдар кордоло берсе өлүм жазасын киргизүү зарыл

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева соңку учурда өлкөдө жаш балдарга жана аялдарга болгон зомбулук күчөп жаткандыгын айтты.

Кызын зордуктаган аталарга жана жубайын өлтүргөндөргө өлүм жазасын киргизүү керек. Бирок бул кадамга сот системасын реформалоону аягына чыгарган соң барсак туура болот. Мындай пикирин Айнуру Алтыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын мыйзамдарында өлүм жазасы жок жана бул боюнча өлкөнүн бир канча эл аралык милдеттемелери бар.

“Январь айында эки жуманын ичинде күйөөлөрүнүн таягынан эки келин көз жумду. Бир адамдын өзүнүн кызын бир жыл бою зордуктап жүргөндүгү маалымдалды. Мындан тышкары, криминалдык хроникаларга көз жүгүртсөк, өз атасы, өгөй атасы жана туугандары тарабынан жаш балдарга кордук көрсөткөн фактылар көп. Парламенттин акыркы жыйынында жаш балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөргө жазаны күчөтүүнү, керек болсо өлүм жазасын киргизүүнү сунуштадым. Бирок өлүм жазасын киргизүүдөн мурун учурда ишке ашып жаткан сот жана укук коргоо органдарынын реформасын аягына чыгарышыбыз керек. Андан кийин бул маселени талкууласак болот”, — деди Алтыбаева.

Эл өкүлү өлкөдө сот системасы менен бирдикте укук коргоо органдарында да олуттуу реформалар жасалып, аягына чыккан соң жазаларды катаалдаштыруу маселеси талкууга коюлушу керектигин кошумчалады.

https://sputnik.kg/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*