Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаңы жылдык маанай тартууланды

Жалал-Абад шаардык мэриясынын өкүлдөрү шаарда жайгашкан балдардын психонервологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, жаңы жылдык белектерин тапшырышты. Ага калаанын вице-мэри Руслан Алтымышев катышты. Анда жаңы жыл балдардын күткөн өзгөчө майрамы экенин айтып, коомдун аярлуу катмарындагы жардамга муктаж жарандар унутта калбасын билдирип, аларга ден соолук каалады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Саамалык балдарга көтөрүңкү маанай тартуулоо максатындагы оюн- зооктор менен коштолуп, Ариет балдар чыгармачылык борбору тарабынан концерттик программа тартууланды. Аны менен бирге мында тарбияланган талантуу балдар да өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарында жайгашкан психонервологиялык социалдык стационардык мекемесинде 100гө жакын мүмкүнчүлүгү чектелген бала тарбияланат.

https://www.nazarnews.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*