Ош облусунун Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов баш болгон хатибият кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген 20 жаранга кайрымдуулук жардамын көрсөтүштү.
Алардын ар бирине 1000 сом өлчөмүндө күнүмдүк турмушка керектелүүчү тамак-аш азыктары сатылып алынып, өз ээлерине жеринде тапшырылды. Ага жалпы 20 миң сом каражат сарпталды. Мындай сооп ишке сарпталган каражат Араван районунун жума окулуучу мечиттерден жана хатибият тарабынан каржыланган.
Алибек Жусупов: «Оорулуу жарандарга материалдык эле эмес, моралдык жардам да керек. Ким оорулуудан кабар алса ал өлгөн кишини кайра тирилткен менен барабар. Бейтап бир туугандарыбызга жардам берип, аларга колдоо көрсөткөндү унуптайлы»,- деди.
Араван районунда мүмкүнчүлүгү чектелген 20 жаранга тамак-аш азыктары таратылды
Leave a Reply