ДЦП менен төрөлгөн 5 жаштагы кыз жылына 18 миллион доллар табат

“Форбс” журналы 2019-жылы дүйнө боюнча эң көп киреше тапкан YouTube-блогерлердин тизмесин жарыялады. Краснодар шаарында төрөлгөн 5 жаштагы Анастасия Радзинская ал тизменин 3-орунуна кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 5 жаштагы Настя Радзинская ДЦП менен төрөлгөн. Дарыгерлер аны сүйлөбөй калышы мүмкүн деп эскертишкен. Бирок ата-энеси кызынын айыгып кетүүсүнө болгон күчүн жумшап, максаттарына жеткен. Алгач алар ДЦП менен төрөлгөн кызындагы жылыштар тууралуу YouTube`га видео тартып, жүктөй башташкан. Кийинчерээк хобби каражат алып келген булакка айланган. Настянын каналына атасы менен бирге ойногону, сейилдегени, улуулар жана балдардын жүрүм-туруму тууралуу видеолор чыгат. Учурда Майамиде жашаган Настянын 7 каналы, жалпысынан 107 миллион катталуучусу бар. Видеолору 42 миллиарддан ашык жолу көрүлөт. Ага “Dannon” жана “Legoland” компаниялары кызматташуу үчүн миллиондорду төлөп келишет. Ошондой эле Настя дүйнө жүзүндө YouTube каналынан 4 бриллиант баскыч алган жалгыз блогер.

Белгилей кетсек, “Форбс” журналы чыгарган тизменин сап башында 26 миллион доллар киреше тапкан 8 жаштагы Райан Каджи, 2-орунда 20 миллион тапкан 30 жаштагы 5 спортчу достор турат.

https://www.super.kg/kabar/news/290475/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*