Жалал-Абаддагы жер астынан өтүүчү өтмөктө пандустар талаптарга жооп береби?

Жалал-Абад шаарынын борборунда быйыл пайдаланууга берилген жер өтмөктө пандус коюу эрежелеринин нормалары сакталбагандыктан кабыл алуудан өтө элек. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча башкармалыгынын башчысы Бекжан Султангазиев билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад шаарынын бийлиги тарабынан комиссия түзүлүп, кабыл алынган. Андан соң мамлекеттик комиссиянын кабыл алуусуна жөнөтүшкөн.

«Биринчи комисссия кабыл алгандан кийин анын негизинде мамлекеттик комиссия түзүп, кабыл алып бергиле деп бизге кайрылышкан. Биз ал объектти карап чыктык. Мыйзамда көрсөтүлгөн деңгээлде пандустун нормалары эске алынбай калган. Майыптык арабадагы жарандардын өтүүсү кыйынчылык жаратат. Ушул жагдай чечилбей турат. Тийиштүү тараптарга пандус талапка жооп бербей турганы боюнча кат жөнөткөнбүз. Атайын араба сүйрөгөндөргө ылайыкташтырганбыз деп жатышат. Бул багытта биздин адистер иштеп жатышат. Мыйзам чегинде нормаларды түшүндүрүп бериши керек», – деди ал.

Мэриянын алдындагы капиталдык курулуш департаментинин директору Кылбек Нуркуловдун айтымында, өтмөктүн курулуш долбоорунун автору пандус нормага жооп берерин айтып, катка жооп берген.

«Бизге Мамэкотехинспекциядан келген катты өтмөктүн курулуш долбоорунун авторуна жөнөттүк. Ал «пандус талапка жооп бербесе, экспертизадан өтмөк эмес» деген жообун айтты. Биз ал катты кайра Мамэкотехинспекцияга жөнөткөнбүз», – деди ал.

Маалым болгондой, быйыл жаңыдан курулган жер астынан өтүүчү өтмөк 24 соода түйүнү менен курулса, былтыркы жылы биринчи жолу пайдаланууга берилген өтмөккө жакында шаардык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен дагы 11 соода түйүнү салынып бүттү. Видеокамера алуу үчүн резервдик фонддон 178 миң сом каралып, тендерден жеке компаниялардын бири 144 миң сомго утуп алды. Бүгүн өтмөккө видеокөзөмөл орнотуу иши башталды, ал 8 жерге орнотулат.

Вице-мэр Майрамбек Адылбековдун айтымында, азырынча объект мамлекеттик кабыл алуудан өтө элек.

«Бул жайды мамлекет кабыл алгандан кийин буйрутмачы мэриянын муниципалдык балансына өткөрүп берет. Мэриянын мүлктөрдү башкаруу комиссиясы кабыл алгандан кийин ижарага берүү чечими кабыл алынат. Гезит аркылуу ачык сынак жарыяланат, каалоочулар тийиштүү документтерин тапшырышат. Бул иш мунипиалдык менчик башкармалык аркылуу жүрөт. Мүлктөрдү башкаруу комиссиясы аныктайт. Алгач өтмөк мамлекеттик кабыл алуудан өтүшү керек», – деди вице-мэр.

https://www.turmush.kg/news:383193

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*