«Баш кошуубузга майыптык тоскоол болгон жок»: Көзү азиз Манзуранын баяны

Ноокат районуна караштуу Кулатов айылынын 37 жаштагы тургуну Манзура Токтосунова көзүнөн майып болгонуна карабай ырчылык өнөрдү аркалап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 5 жашында ата-энеси ажырашып кеткен. Ал Араван районуна караштуу Жеке-Мисте айылында тайларынын колунда чоңойгон. Тубаса катаракта оорусу менен жабыркайт.

«Көзүм 2-3 пайыз эле көрөт. Атам менен апам ажырашып кеткенден кийин таенемдин колунда жашап калдык. Көзүм жакшы көрбөгөнүн 5 жашымда байкашып, дарыгерге алып барышкан. Алар тубаса катаракта деген диагноз коюшкан. Ошентип кийин 1-класска окууга бардым. Бирок досканы такыр көрө алган жокмун. Дене тарбия, кол эмгек сабактарына катыша алган жокмун. Жазганда жакшы көрө албай, ийри-буйру кылып жазчумун. Кээде балдар шылдыңдаганда үйгө ыйлап барчумун. Ошого карабай, 9-класска чейин алдыңкы окуучулардын катарын толуктадым. Андан кийин окуумду уланта алган жокмун. Кийин дарыгерге көрүнсөм, операция кылуу керектигин айтышты, бирок каражат жетишсиз болуп калды. Ошентип, 1-топтогу майып катары жөлөк пул алууга документтеримди тапшырдым. Көзү азиздер мектебинде окубай калганыма өкүнөм. Балким билим алууну улантсам Дастан Бекешев сыяктуу билимдүү инсан болмокмун», – дейт ал.

Ошондой эле, ал ырчылык өнөрүн өркүндөтүп жатканын айтат.

«Комуз черткенди үйрөндүм. Ырдаганды дагы жакшы көрөм, мындан тышкары ыр жазам. Буга чейин «Жүрөк оту» деген ыр китебим чыккан. Ушул таланттарым менен концерттерге катышам, кээде тойлорго да барып ырдайм. Алган акым макияж жасатууга жана жолго эле кетип калат. Ошондуктан тикмечилер же кайрымдуу адамдар көйнөк тиктирип берүүгө жардам беришсе дейт элем. Негизи мен Ош шаарына барып жашагым келет. Майыптарга берилип жаткан турак үйлөргө кезекке турсам деген ойдомун. Ошондой эле, чоң сахнага чыгып ырдоону кыялданам», – деди Манзура Токтосунова.

Ал сүйүктүүсүн жолуктуруп, быйыл жазында турмушка чыкканын айтат.

«Жолдошум Данияр 1977-жылы туулган. Анын алты саны аман, баш кошуубузга майыптыгым тоскоол болгон жок. Ал мени колдоп турат, талантымды баалайт. Концерттерге катыш деп кубаттап турат. Көчөдө таяк жок эле басам. Бирок кар жааганда такыр көрбөй калам. Чоң жолдордон адамдардан жардам сурайм, өткөрүп коюшат. Бирок, мен көзүмдүн көрбөгөнүнө карабай, кыялыма жетүү үчүн болгон аракетимди жасап келем», – деди ал.

https://www.turmush.kg/news:383053

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*