Жээнбеков мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 2,3 млн. сом бөлдү

Президентке караштуу Билим берүү фондунан Кыргызстандын аймагындагы ондогон уюмдарга 100 миң сомдон берилмей болду.

Сооронбай Жээнбеков мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүү үчүн 2 миллион 300 миң сом бөлүп берүү боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Каражат президентке караштуу Билим берүү фондунан балдарга реабилитациялык жана социалдык адаптация боюнча жардам берген коомдук уюмдарга берилет.

Буйрукка ылайык, республиканын бардык аймактарындагы 23 коомдук мекеменин ар бирине 100 000 сомдон бөлүндү.

https://sputnik.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*