Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга керектүү буюмдар тапшырылды

Бүгүн, 3-декабрда “Сейтек” балдар борборунда Катар кайрымдуулук уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү филиалы тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата кышкы кийим жана кулакка тагуучу аппараттарды таратышты. Иш-чарага эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров катышып, коомду ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоп, коргоого чакырды. “Коомубузда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген коом бар экенин унутпасак. Ошондуктан алар дайыма бизди колдоп, коргообузга муктаж”, – деди Кочкоров.

Аталган иш-чаранын алкагында 4025 кышкы кийим комплект, 38 кулакка тагуучу аппараттары жана 80 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга коляска берилет. Муктаждар Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Кызыл ай коому менен бирге аныкталган.

Иш-чара аталган белектерди муктаждарга таратуу жана концерттик программа менен коштолууда.

https://www.super.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*