Кыргызстанда 10 айда 5 миңден ашуун зомбулук катталган

Кечээ, 25-ноябрь күнү аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу боюнча эл аралык күнүнө карата Кыргызстанда “зордук-зомбулукка каршы 16 күн” жылдык акциясы старт алды. Ал Адам укуктарынын эл аралык күнү, 10-декабрга чейин созулат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча “зордук-зомбулукка каршы 16 күн” акциясы өкмөттү, зордук көргөн коомчулукту, активисттерди, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту тез арада токтотуу үчүн ар түрдүү иш чаралар, митингдер жана кампанияларды бириктирет.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы күрөшүү олуттуу көйгөй болуп саналат:
Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулуктун таралышы жогору бойдон калууда. 2019-жылы 10 айдын ичинде 5 185 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук катталган. Алардын ичинен  физикалык зомбулук – 3 647, психологиялык – 1 362, жыныстык – 7, экономикалык – 1 жана тоотпочулук – 168. Аталган 10 айдын ичинде ички иштер органдары 5 185 коргоо буйруктарын алышкан. Анын ичинен эркектерге карата – 4 867 же 94,1 %, аялдарга карата – 309 же 5,9% ордер берилген. Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктан 5 569 катталып, анын ичинен Кылмыш-жаза кодексинин “Үй-бүлөдөгү зомбулук” беренеси боюнча – 3 979, “убактылуу коргоо тартибине керектүү шарттарды түзүп бербөө” беренеси боюнча – 16, “сабоо” беренеси боюнча – 357.

Кыргызстандагы кыздардын эрте турмушка чыгуусуна, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы күрөш боюнча БУУнун бир катар конвенцияларына кол коюлган: Баланын укуктары жөнүндө (1994-жыл), Аялдарга жана кыздарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенция (1996-жыл), Нике менен үй-бүлө, үй-бүлө үчүн минималдуу жашта жана каттоо үчүн макулдук берүү жөнүндө конвенция (1996-жыл), жана 1995-жылы Пекин платформасынын аракеттерине кошулуу.

Кыргызстанда 16 күндүк зордук-зомбулукка каршы акциясынын алкагында аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы төмөнкү багыттар аныкталган:

Киргизүү, өзгөртүүгө же аялдарга жана кыздарга каршы зомбулукту токтотуу үчүн иш-аракеттердин улуттук планын иштеп чыгуу;

Зомбулукту башынан өткөргөн аялдарга кызматты өнүктүрүү же киргизүү (мисалы, жардам берүү линиясы, атайын медициналык кызмат, укуктук жардам, адилеттүүлүк, бактылуу баш калкалоочу жай);

Байланыш стратегияларын иштеп чыгуу, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн, калк арасында түшүндүрүү жана өзгөртүү көз караштарды жана жүрүм турумдарды жогорулатуу.

https://www.nazarnews.kg/news/42941

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*