Чолпон-Ата шаарында кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.
Акция «Замандаш-Назик» аялдар кыймылынын мүчөлөрү тарабынан уюштурулуп, алар муктаж балдарга арнап жаңы бут кийимдерди, кийим-кечектерди алып келишти.
Уюштуруучулардын айтымында, акция 3-декабрь — Эл аралык майыптарды коргоо күнүнө карата өткөрүлүп, алар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга майрамдык салтанат уюштурушту. Соңунда ар бир балага чогулган кийим-кечектерди жана бут кийимдерди беришти.
Leave a Reply