Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга акчалай жардам бөлдү

Майыптардын эл аралык күнүнө карата ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 586 527 сом бөлүндү. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз катчысы Ж.Рыскулова билдирди.

Маалыматка караганда, материалдык жардам Ысык-Көл облусундагы 18 жашка чейинки шал оорусу менен жабыркаган балдарга жумшалат. Облус боюнча шал оорусуна кабылган 579 бала катталган. Акчалай жардам район жана шаарлардагы балдардын санына жараша тегиз бөлүнөт. Ошондой эле Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун кызматкерлери Каракол шаарындагы азиздер жана дүлөйлөр коомуна 10 000 сом жардам беришти.

«Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго аралаштыруу, аларга шарт түзүп берүү ар бирибиздин милдетибиз экенин фонддун директору Алдаярбек Тойгоналиев баса белгилеп өттү. Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын көйгөйүн жана стационардык мекемелердеги маселелерди чечүү үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет», – деп билдиришти аталган фонддон.

https://www.turmush.kg/news:381448

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*