«Кубанычтан төгүлгөн көз жаш»: Майып арабада күн кечирген Үмүтайдын жашоосу

Майып арабада күн кечирген 16 жаштагы Үмүтай Имаралиева Чүй облусундагы Москва районунун Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде тарбияланат. Анын жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

Үмүтай Имаралиева 2003-жылдын 29-сентябрында өлкөбүздүн түштүк аймагында жарык дүйнөгө келген. Ал 5 жашында, тактап айтканда 2008-жылы балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеcине кабыл алынган.

«Ал тубаса майып, кичинекей, арык кыз эле. Майып арабада жашоосун өткөргөн кызыбыз айрым сөздөргө түшүнсө, көпчүлүк учурда айтканын унутуп калчу. Ата-энесинин айтымында, “сакайып, коомчулукка кошулсун” деген чоң үмүт менен атын Үмүтай коюшуптур. Апасы алгачкы жылдары мекемеге кызы менен жолугушууга байма-бай келип турчу. Акыркы учурларда эмнегедир келбей да калды. Угушубузга караганда, ата-энеси ажырашып кетишкен. 10 жылдан бери бизде тарбияланып келет. “Апаң кайда?” деп собол таштаганда, “шаарда” деп, колун туш келген жакка жаңсап, күлүп коёт. Апасын тааныйт. Сүйлөшкүсү келет. Кээде кадимкидей сагынып, куса болот. Ал өз кызыбыздай болуп калган. Көздөрү бакырайып, дайыма маанайы жарык. Бул мекемеде жашоону жактырат. Айрым учурларда жаңы келгендерди тартипке да чакырат.

http://www.turmush.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*