Балдарга укалоо жасаган көзү азиз Улан кайрымдуулук фонд ачты

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 36 жаштагы тургуну Улан Исаев укалоо жасап, кайрымдуулук фонд ачты. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бишкек шаарындагы көзү азиздер мектебинде 11 жыл окугам. 2003-жылы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын карамагында дүлөйлөр жана көзү азиздер үчүн 2 жылдык медициналык окуу жай ачылган. Ал жерде укалоону үйрөтөт. Ошол жаткан окугам. 2005-жылдан 2018-жылга чейин мамлекетик поликлиникада укалоочу болуп иштедим. Кичинекей балдарга укалоо жасадым. Учурда кайрымдуулук фонддун жетекчисимин.

Көзү азиздердин кол менен туюу сезими күчтүү. Ар бир булчунду, нерв системасын жакшы сезебиз. Илгери көзү азиздерди Россияда окутушкан. Статистика боюнча көзү көрбөгөндөр жогорку квалификациядагы укалоочу адис болушат. Азыр көбүнчө поликлиникаларда көзү азиздер иштейт. Себеби, алардын кызматына муктаж болгондор көп. Жумуш учурундагы тоскоолдук — отчет жазуу кыйын болот», – деди ал.

Улан Исаев шал оорусу, дисплазия жана башкалар менен жабыркаган балдарга укалоо жасайт.

«Кызым кичине ден соолугунан аксап жатат. Ооруган балдарга жардам берсем, кудайым кызыма жардам берет деген үмүт менен кайрымдуулук фонд ачкам. Көзү көрбөгөн музыканттар менен марафон, кайрымдуулук концерт уюштуруп жүрөбүз. Чогулган акчаны кызымдай болуп ооруган балдарга жардам катары беребиз. Мындан тышкары өзүбүздөн дагы аябай муктаждарга жардам беребиз. Мисалы, майып арабада отурган, акыл жактан жабыркагандарга колдоо көрсөтөбүз. Майып болгондон кийин эч нерсе кыла албайм деген стереотипти жоготуш керек. Келечекке түз план коюш керек. Көзү көрбөгөндөргө жашап кетүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Эл менен аралашып иштегенге оңой», – деди ал.

Улан 2008-жылы үйлөнгөн. Эки кызы бар.

«Келинчегим менен ажырашып кеткем, улуу кызым менин колумда. 2009-жылы төрөлгөн, апасы менен катышып турат.

Келечекте максатым — үйү, дарысына акчасы жок муктаждарга, акылынан жабыркаган балдарга жардам берүү. Учурда Россиядагы кыргыз диаспорасы менен сүйлөшүп, ошол жакка барып, кайрымдуулук концерт коелук деп жатабыз. Чогулган каражатты мүмкүнчүлүгү чектелгендерге беребиз.

Башкаларга айтарым, кыска жашоодо бул сыноону көтөрө билиш керек. “Тагдыр тамашалайт, ар кандай кайгысында, кубанычында бир айдай. Тамашасын көтөрө албай жыгылсаң, калдың анда кара жерди кучактай” деген сөз бар», – деди ал.

https://www.turmush.kg/news:383967

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*