Таласта акысыз юридикалык жардам берүү декадасы өтүп жатат

Кечээ, 18-ноябрдан тарта Талас шаарында акысыз юридикалык жардам берүү декадасы жүрүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча координациялык борбордун Талас облусундагы өкүлү Кеңеш Молдоканов билдирди.

Анын айтымында, иш-чара 22-ноябрга чейин уланат.

«Бул иш-чара калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү максатында уюштурулду. Ал Талас шаарынын борбордук бөлүгүндө өтүп жатат. Декаданын жүрүшүндө юстициянын кызматкерлеринен тышкары сот департаментинин, мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү элдин кызыккан суроолоруна тиешелүү маалыматтарды беришүүдө», – деди ал.

https://www.turmush.kg/news:380767?from=rss

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*