Кыргызстанда акыркы 9 айда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча 4500дөн ашык факты катталган. Бардык фактылар боюнча коргоо ордери берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Академиясынын мугалими, милициянын полковниги Азамат Абдрахманов билдирди.
Коргоо ордери — мамлекеттик коргоону камсыздаган документ. Бул ордер аркылуу зомбулук көрсөткөн адамды үйдөн чыгарып, зомбулукка дуушар болгон адам менен байланышын чектөөгө болот.
Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча:
– Бишкек шаарында — 1293 учур;
– Ош шаарында — 258 учур;
– Чүй облусунда — 952 учур;
– Ысык-Көл облусунда — 310 учур;
– Нарын облусунда — 384 учур;
– Ош облусунда — 623 учур;
– Жалал-Абад облусунда — 623 учур;
– Талас облусунда — 140 учур;
– Баткен облусунда — 160 учур катталган.
А.Абдрахмановдун айтымында, бүгүнкү күндө үй-бүлөдөгү зомбулук фактысы боюнча 486 кылмыш иши тергелип жатат.
«2018-жылы Кыргызстанда 7188 коргоо ордери берилген. ИИМге үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча кайрылса болот. Биз коргоо ордерин беребиз. Ал 3 күн жарактуу, кийин жабырлануучу каалаган убакта кайра 30 күнгө мөөнөтүн узартып кетсе болот», – деди ал.
Leave a Reply