Кечээ, 18-ноябрда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала убактылуу эмгек жана социалдык өнүгүү министринин кызматын аткарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына министрдин жардамчысы Кубанычбек Сейдалиев билдирди.
Ага ылайык, мындай иш-чара “Балдар рулда” деп аталган атайын акциянын алкагында жүргүзүлгөн.
“15 жаштагы Тилеген Рахатбеков эки саат бою эмгек жана социалдык өнүгүү министринин милдетин аткарды. Ал эми министр өзү катардагы кызматкер катары Тилеген менен баарлашып, анын тапшырмаларын жазып отурду. Тилеген Рахатбеков жакшы сүйлөй албагандыктан, анын апасы Айнура Алеева котормочунун ролунда болду. Жаш министр ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга байланыштуу бир катар маселелерди көтөрүүгө жетишти. Алсак, коомдук унааларда пандустардын жоктугун, мектепте аларга аттестат берилбегендиктен, толук кандуу билим алуусуна тоскоол болуп жатканын айтты. Катардагы кызматкер Улукбек Кочкоров министр Тилеген Рахатбековдун берилген тапшырмаларын жазып алды. Эми аталган маселелер министрдин буйругу катары жакын арада аткарыла баштайт”, – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, министрликтен Тилеген Рахатбеков көтөрүп чыккан аттестат маселеси министр үчүн жаңылык болгонун белгилешти. Эми Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу ал мектептерге барып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн аттестат берүү маселесин чече тургандыгын кошумчалашты.
Маалым болгондой, Тилеген бир нече кандидаттын ичинен тандалып алынган. Ал шахматты жакшы ойнойт жана жакында Түштүк Кореяда өтө турган программисттердин олимпиадасына катышат.
Leave a Reply