Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору тарабынан уюштурулуп, укуктук декада деп эсептелди.
Жылына бир жолу уюштурулуп турган иш-чара бул жолу Ош шаарындагы Келечек соода борборунун алдында өткөрүлдү. Себеби базарга келген адамдарга Мамлекеттик катоо кызматынын кызматкерлери, юстиция башкармалыгынын кызматкерлери жана акысыз жардам көргөзүүчү жактоочулар түрдүү суроолоруна жооп берип, дарегин айтып жатышты.
Декада өкмөттун тапшырмасы менен 18-ноябрдан баштап 22-ноябрга чейин Кыргызстандын баардык эл көп жайланышкан аймактарында өткөрүлөт.
Leave a Reply