Бүгүн, 11-ноябрь күнү Ош технологиялык университетинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн маалымат технологиялары боюнча кыска мөөнөттүү курстар ачылды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Курстардын салтанаттуу ачылыш аземине Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жана окуу жайдын жетекчилиги, студенттер катышты. Окуу курстары эл аралык уюмдун жардамы менен ачылды. Ал мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумуш менен камсыз кылууга багытталган. Эми мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тоскоолдуксуз ОшТУга барып, маалымат технологиялары боюнча билим ала алышат.
Leave a Reply